- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Япониянын Иммиграция кызматынын өкүлдөрү менен эмгек миграциясы жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү /
Япониянын Иммиграция кызматынын өкүлдөрү менен эмгек миграциясы жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү
2026-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун өкүлдөрү Япониянын Иммиграция кызматынын жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын жарандарын Японияда уюшкан түрдө ишке орноштуруу жаатындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин, анын ичинде Specified Skilled Worker (SSW) программасынын алкагында өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.
Ошондой эле квалификациялык экзамендерди өткөрүү, талапкерлерди тилдик жана кесиптик жактан даярдоо, япон иш берүүчүлөрү менен кызматташуу, ошондой эле жарандарды ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрүн башка тармактарга кеңейтүү маселелерине көңүл бурулду.
Кыргыз тарап Япониянын тиешелүү мамлекеттик органдары, уюмдары жана иш берүүчүлөрү менен кызматташууну чыңдоого, ошондой эле жарандарды даярдоо жана мыйзамдуу ишке орноштуруу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө кызыкдар экендигин билдирди.
Жолугушуу кыргыз-япон кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Японияда мыйзамдуу жана коопсуз ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.


