Эл аралык тегерек стол миграциялык процесстерди талкуулоо
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жетекчилиги 14 жана 15 – майда замандын маанилүү темасына - "Миграциялык процесстер бирдиктүү Евразия мейкиндигиндеги кызматташтыктын фактору катары" арналган эл аралык тегерек столго жана стратегиялык сессияга, ошондой эле Өлкөлөр аралык миграция боюнча эксперттик-консультативдик кеңештин (ЭСК) отурумуна жана "миграция жана өнүгүү (тынчтык)"Эл аралык коалициясынын отурумуна активдүү катышты.
Иш-чара Россия, Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Грузия, Казакстан жана Өзбекстан сыяктуу сегиз өлкөнүн бийлик органдарынын, коомдук уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү чогултуу. Иш-чара гибриддик форматта уюштурулуп, катышуучуларга алардын жайгашкан жерине карабастан актуалдуу маселелерди талкуулоого жана тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берди.
Иш-чаранын негизги максаты Россия менен Орто Азия жана Закавказь өлкөлөрүнүн ортосунда миграциялык процесстердин интеграциялык потенциалын ишке ашыруу чөйрөсүндө күч-аракеттерди координациялоо жана өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү болду. Тегерек столдун жүрүшүндө КМШ өлкөлөрүнүн миграциялык чөйрөдөгү тажрыйбасы көрсөтүлдү, мигранттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү менен иштөө механизмдерин өркүндөтүү боюнча чаралар, ошондой эле Евразия мейкиндигине кирген өлкөлөрдүн коомдук жана мамлекеттик уюмдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн мүмкүн болгон багыттары талкууланды.
"Бул иш – чара билими жана тажрыйбалар менен алмашуу үчүн мыкты платформа болду, кызматташтыкты бекемдөөгө жана миграциялык процесстерди башкаруунун натыйжалуу ыкмаларын өнүктүрүүгө шексиз өбөлгө түзөт", - деп сөзүндө белгиледи Борбордун директору Бактыбек Кудайбердиев.
Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору миграция жаатында эл аралык байланыштарды чыңдоо жана кызматташууну өнүктүрүү боюнча ишин улантат, бул региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги фактору болуп саналат.