Россия Федерациясынын Президенти чет өлкөлүк жарандардын укуктук макамын жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө Жарлыкка кол койду

14 Февраль 2025
Россия Федерациясынын Президенти чет өлкөлүк жарандардын укуктук макамын жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө  Жарлыкка кол койду

📅 Жарлык № 1126 

Күчүнө кирген күнү: 2025-жылдын 1-январы

Россия Федерациясынын миграция мыйзамдарын сактоону күчөтүү жана айрым категориядагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук макамын жөнгө салуу механизмдерин түзүү максатында, Россия Федерациясынын Президенти «Айрым категориядагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук макамын жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. 

Бул Жарлык кимдерге тиешелүү?

Документ Россия Федерациясынын аймагында жүргөн жана маалыматтары көзөмөлдөгү адамдардын реестринде камтылышы керек болгон чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү. 

Тизмени ушул шилтеме аркылуу текшерсеңиздер болот.

Кандай чаралар каралган?

2025-жылдын 1-январынан 30-апрелине чейин чет өлкөлүк жарандар төмөнкүлөрдүн бирин аткарууга милдеттүү:

✔ Өз алдынча Россия Федерациясынан чыгып кетүү,

✔ Же өлкөдөн чыкпастан, өз укуктук макамын жөнгө салуу (мурунку кирүү максатына карабастан).

Укуктук макамды жөнгө салуу үчүн кандай шарттарды аткаруу керек?

Россия Федерациясында мыйзамдуу жүрүү үчүн төмөнкү талаптарды аткаруу зарыл: 

✅ Биометрикалык маалыматтарды тапшыруу жана идентификациядан өтүү,

✅ Медициналык кароодон өтүү (баңги заттарды колдонууга, жугуштуу ооруларга жана ВИЧке текшерилүү),

✅ Орус тилин билүү, тарых жана мыйзам боюнча тест тапшыруу,

✅ Салык жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздарды төлөө,

✅ Россия Федерациясында жүрүүгө же документтерди алуу укугун чектеген негиздердин жок болушу.

⚠ Маанилүү!

Жогорудагы талаптарды аткарган чет өлкөлүк жарандар Россиядан чыкпастан, өз укуктук макамын мыйзамдаштыра алышат.