Борбордун кызматкерлери “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барышты

14 Сентябрь 2026
Борбордун кызматкерлери “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барышты

2026-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кызматкерлери “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барышты.

“Ата-Бейит” - Кыргызстандын тарыхый эс тутумун, улуттук биримдикти жана ата-бабалардын мурасына болгон урмат-сыйды чагылдырган өлкөдөгү маанилүү мемориалдык комплекстердин бири.

Иш-чаранын алкагында кызматкерлер кыргыз элинин тарыхында жана өлкөнүн өнүгүшүндө олуттуу из калтырган көрүнүктүү инсандардын, ошондой эле тарыхтагы кайгылуу окуялардын курмандыктарынын элесине таазим кылышты.

Мемориалдык комплекске баруу кыргыз элинин тарыхый мурасына таазим кылууга, өткөн тарыхты эскерүүгө жана аны келечек муундарга жеткирүүгө багытталган маанилүү иш-чара болду.