Корея Республикасында ишке орношууну каалаган талапкерлерди каттоо узартылат

11 Сентябрь 2026
Корея Республикасында ишке орношууну каалаган талапкерлерди каттоо узартылат

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргыз Республикасынын жарандарын Корея Республикасында өндүрүш тармагында ишке орношуу үчүн тандоо сынагына катышууга каттоонун мөөнөтү узартылгандыгы жөнүндө маалымдайт.

Буга чейин белгиленген мөөнөттө каттоодон өтүүгө жетишпей калган жарандар үчүн 2026-жылдын 14-сентябрынан тартып EPS программасына катышууга кошумча онлайн-каттоо жүргүзүлөт.

Тандоо сынагын өткөрүүнүн алдын ала графиги:

  • 2026-жылдын 14–27-октябры — EPS-TOPIK тестин өткөрүү;
  • 2026-жылдын 17-ноябры — Skill Test сынагынын экинчи этабын өткөрүү датасы жана орду жөнүндө маалыматты жарыялоо;
  • 2026-жылдын 21–22-ноябры — Skill Test сынагын өткөрүү;
  • 2026-жылдын 15-декабры — тандоодон ийгиликтүү өткөн талапкерлердин тизмесин жарыялоо.

Катышуу үчүн төлөм

EPS-TOPIK тестине катышуу акысы 28 АКШ долларын түзөт.

Төлөмдү «Элдик Банк» ААКсынын (РСК Банкы) филиалдарынан жүргүзүүгө болот.

Төлөм жүргүзүү үчүн реквизиттер:

Мекеменин аталышы: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы

Банктын аталышы: «РСК Банк» ААКсы («Элдик Банк»)

Эсептешүү эсеби: 1299005030100020

БИК: 440001

Төлөмдүн коду: 14233100

Төлөмдүн багыты: 4402051102002435 өздүк эсебине Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору үчүн корей тилин билүү деңгээлин аныктоочу тестке төлөм. 

МААНИЛҮҮ!

Онлайн-каттоо 2026-жылдын 14-сентябрында ачылат.

Каттоо талапкерлердин белгиленген санына жеткенге чейин жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу Корея Республикасында иштөөгө кызыкдар жарандарга онлайн-каттоо ачылгандан кийин мүмкүн болушунча тез арада каттоодон өтүү сунушталат.

Онлайн-каттоодон өтүү үчүн шилтеме 2026-жылдын 14-сентябрында Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун расмий сайтында жарыяланат: www.migrant.kg.

Жарандардан расмий маалыматтарга үзгүлтүксүз көз салып, каттоодон өтүү жана тандоо сынагынын кийинки этаптарына катышуу боюнча белгиленген мөөнөттөрдү сактоо өтүнүлөт.

Тестирлөөнү өткөрүүнүн тартибине жана мөөнөттөрүнө өзгөртүүлөр киргизилген учурда кошумча маалымат Борбордун расмий маалыматтык ресурстарында жарыяланат.