- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- «Коопсуз миграция» жана «Миграцияга чейинки даярдык» аталышындагы семинар өткөрүлдү /
«Коопсуз миграция» жана «Миграцияга чейинки даярдык» аталышындагы семинар өткөрүлдү
2024-жылдын 12-декабрь күнү Ош шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, Жарандарды чет өлкөдө ишке орношторуу борбору жана Миграциялык ресурстук борбору ошондой эле Кара-Суу райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын уюштуруусу менен «Коопсуз миграция» жана «Миграцияга чейинки даярдык» аталышындагы семинар өткөрүлдү.
Семинарга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын жетекчилери, Борбор жана МРБ билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, «Инсан-Лейлек» коомдук уюмунун жетекчиси, калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана миграция бөлүмдөрүнүн социалдык кызматкерлери, жергиликтүү тургундар жана мектеп окуучулары катышты.
Семинардын жүрүшүндө Борбор Түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн кызматкери жана МРБ кызматкери тарабынан «Коопсуз миграция» боюнча аткарылган иштер, чет өлкөлөрдө ишке орноштуруучу жеке агенттиктер менен иштөө боюнча презентациялык маалыматтар берилди.
Иш-чаранын катышуучулары тарабынан берилген суроолорго жооптор берилип, кызуу талкуу жүргүзүлдү.