- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору 2026-жылга карата корей тили боюнча атайын тест (EPS-TOPIK) өткөрүлөрүн жарыялайт /
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору 2026-жылга карата корей тили боюнча атайын тест (EPS-TOPIK) өткөрүлөрүн жарыялайт
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору 2026-жылга карата EPS системасынын алкагында Корея Республикасында ишке орношуу максатында корей тили боюнча атайын тест өткөрүлөрүн билдирет.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Атайын тестке (спецтестке) төмөнкү талаптарга жооп берген жарандар гана катыша алат:
- расмий түрдө Корея Республикасында кеминде 3 жыл иштеген
- Корея Республикасынын мыйзамдарын бузбаган
- Кыргыз Республикасына белгиленген тартипте кайтып келген
📌 Катышуучулардын тизмеси Борбордун расмий сайтында жайгаштырылган: www.migrant.kg
Атайын тесттин графиги жана өтүүчү жерлер
Каттоо 2026-жылдын 20–24-июлунда жүргүзүлөт:
📍 Бишкек ш., Токтогул көчөсү, 237
📍 Ош ш., Амир-Тимур көчөсү, 9А (Мамырова көчөсү менен кесилишет)
Экзамендин датасы: 24-август 2026-жыл
Экзамен 2026-жылдын 10–11-сентябрында Бишкек шаарында өтөт
📌 Жыйынтыктар 30-сентябрь 2026-жылы жарыяланат
Талаптар
Катышуучу төмөнкү шарттарга жооп бериши керек:
- EPS системасы боюнча иштеп, өз ыктыяры менен белгиленген мөөнөттө кайтып келген болушу керек
- 2010-жылдын 1-январынан эрте кайтып келбеген
- жашы 18–39 жаш аралыгында болушу керек
- эркинен ажыратуу менен байланышкан соттолбогон
- Корея Республикасынан депортация болбогон
- Кыргыз Республикасынан чыгууга тыюу салынбаган
- E-9 жана E-10 визалары боюнча жалпы иш мөөнөтү 5 жылдан ашпаган
Өзгөчө учурда: Корея Республикасынын "Чет элдик жумушчуларды жумушка алуу ж.б. жөнүндө" Мыйзамынын 18-2-беренесине ылайык узак мөөнөттүү иштеген адамдар үчүн.
Керектүү документтер
- 3,5×4,5 см өлчөмүндөгү 2 сүрөт (ак фон, караңгы кийим)
- Жалпы жарандык паспорттун түстүү көчүрмөсү
- тестке катышуу үчүн 28 АКШ доллары төлөнгөндүгү тууралуу квитанция
БАНК РЕКВИЗИТТЕРИ
28 АКШ доллары (корей тили боюнча тестке катышуу үчүн):
Кайда төлөнөт: Элдик Банктын (РСК Банк) филиалдарында
Мекеменин аталышы: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казынасы
Банк: ААК «РСК Банк» (Элдик банк)
Эсеп номери: 1299005030100020
БИК: 440001
Төлөм коду: 14233100
Төлөмдүн багыты: 4402051102002435 эсепке, корей тили тестине төлөм (Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору үчүн)
Маанилүү
Бул тест Корея Республикасында EPS системасы боюнча расмий иш тажрыйбасы бар жана белгиленген тартипте кайтып келген жарандар үчүн гана өткөрүлөт.