- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Volkswagen Bratislava заводуна каттоо башталгандыгын жарыялайт /
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Volkswagen Bratislava заводуна каттоо башталгандыгын жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Словакия Республикасынын Volkswagen Bratislava заводуна жумушка орноштуруу үчүн талапкерлерди кабыл алуу башталгандыгын жарыялайт.
Жумушка орношуу шарттары менен кылдат таанышып чыгып, кызыгууңуз болсо каттоо формасын толтурууну суранабыз.
❗Көңүл буруңуз! Каттоодон өтүү үчүн Gmail (gmail.com) платформасындагы электрондук почта дареги болушу шарт.
Тандоонун биринчи этабынан ийгиликтүү өткөн талапкерлерге 2 жуманын ичинде электрондук почтасына кийинки кадамдар боюнча маалымат жана маектешүүгө чакыруу жөнөтүлөт.
200 талапкер катталгандан кийин каттоо АВТОМАТТЫК ТҮРДӨ жабылат.
ЖУМУШКА ОРНОШУУНУН ШАРТТАРЫ
Өлкө:
Словакия Республикасы
Иштөө жери:
Volkswagen Bratislava заводу, Братислава шаары, Devínska Nová Ves району
Кызматы:
Өндүрүш оператору
Иштин мүнөзү:
Автоунаа өндүрүшүндө кол эмгеги менен иштөө
Негизги милдеттери:
• автоунаанын өзүнчө тетиктерин чогултуу;
• шасси жана кыймылдаткычтарды чогултуу;
• автоунаанын ички бөлүктөрүн монтаждоо;
• автоунаа кузовдорунун сапатын көз менен жана кол менен текшерүү.
ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛУУЧУ ТАЛАПТАР
• 50 жашка чейинки эркектер;
• Автоунаа оңдоо тармагында, техникалык жабдууларды пайдаланууда, курулуш иштеринде же өндүрүш ишканасында иш тажрыйбасы
• орус тилин жакшы билүү (бардык техникалык нускамалар орус тилинде берилет);
• бою кеминде 165 см;
• ден соолугу чың жана физикалык жактан чыдамкай болуу;
• колдун эптүүлүгү жана техникалык ой жүгүртүүсү;
• нөөмөт менен иштөөгө даяр болуу;
• жаңы нерсени үйрөнүүгө, өзүн өнүктүрүүгө умтулуу;
• жоопкерчиликтүү, тартиптүү жана ийкемдүү болуу.
Окутуу:
Ишке киришүүдөн мурун 1 жумалык окутуу каралган.
ИШ РЕЖИМИ
Өндүрүштүк зарылчылыкка жараша 2 же 3 нөөмөттө иш жүргүзүлөт.
• эртең мененки нөөмөт: 06:00–14:00;
• күндүзгү нөөмөт: 14:00–22:00;
• түнкү нөөмөт: 22:00–06:00.
ЭМГЕК АКЫ ЖАНА КОШУМЧА ТӨЛӨМДӨР
• эмгек акы саатына 6 - 8 евродон баштап (салыктар жана милдеттүү төлөмдөр кармалгандан кийинки таза сумма);
Төмөнкү учурлар үчүн кошумча төлөмдөр каралган:
• түнкү нөөмөттөр үчүн;
• дем алыш жана майрам күндөрү иштегендиги үчүн;
• 13-айлык жана 14-айлык эмгек акы;
• жеке жана топтук көрсөткүчтөр үчүн бонустар;
• компаниянын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча сый акылар;
• транспорттук үстөк акылар.
Эмгек акынын акыркы өлчөмү талапкердин квалификациясына, иш тажрыйбасына жана эмгек көрсөткүчтөрүнө жараша иш берүүчү тарабынан аныкталат.
ТУРАК ЖАЙ
Иш берүүчү акы төлөнүүчү жатакана менен камсыз кылат.
Турак жайдын баасы:
• жалпы наркы айына 200–250 евро;
• иш берүүчү тарабынан 54,75 евро төлөнөт;
• калган сумма кызматкердин эмгек акысынан кармалат.
ТРАНСПОРТ
Транспорттук чыгымдар иш берүүчү тарабынан төлөнбөйт.
Кызматкерлер коомдук транспортту пайдалана алышат.
Жол киренин болжолдуу баасы жатакананын жайгашкан жерине жараша айына 50-150 еврону түзөт жана кызматкердин эмгек акысынан кармалат.
ТАМАКТАНУУ
Тамактануу иш берүүчү тарабынан камсыздалбайт.
Ошол эле учурда кызматкерге ар бир иштеген нөөмөтү үчүн 3,84 евро өлчөмүндө тамак-ашка кошумча төлөм төлөйт.
Ишкананын аймагында ашкана бар. Тамактануунун баасы нөөмөтүнө 5,85 еврону түзөт, анын ичинен кызматкер бир нөөмөт үчүн болгону 2,01 евро төлөйт.
Volkswagen Bratislava заводуна катталуу үчүн шилтеме