Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору персоналды башкаруу жана эл аралык рекрутинг боюнча иштеген Словакиянын «INDEX NOSLUŠ s.r.o.» компаниясы менен кызматташуу жөнүндө келишимге кол койду

05 Февраль 2025
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору персоналды башкаруу жана эл аралык рекрутинг боюнча иштеген Словакиянын «INDEX NOSLUŠ s.r.o.» компаниясы менен кызматташуу жөнүндө келишимге кол койду

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору персоналды башкаруу жана эл аралык рекрутинг боюнча иштеген Словакиянын «INDEX NOSLUŠ s.r.o.» компаниясы менен кызматташуу жөнүндө келишимге кол койду.

Бул келишим эмгек миграциясы жаатында эки тараптуу байланыштарды чыңдоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Словакия Республикасында иштөөнүн ишенимдүү шарттарын түзүүгө багытталган. Тараптар кызматташтык кыргызстандыктар үчүн мыйзамдуу жумуш орундарын көбөйтүүгө, алардын эмгек мамилелериндеги айкындуулукту жана социалдык коргоону камсыз кылууга өбөлгө түзөрүнө ишеним артат.

Келишимдин алкагында эмгек мигранттарын тандоо, даярдоо жана коштоо боюнча биргелешкен программаларды ишке ашыруу, ошондой эле жумушка орношуу процесстеринин бардык этаптарында талапкерлерге маалыматтык колдоо көрсөтүү каралган.

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору эл аралык байланыштарды кеңейтүү боюнча ишин улантып, Кыргызстандын жарандарына чет өлкөдө ишенимдүү жана келечектүү жумуш орундарын менен камсыз кылуу иш-аракеттерин улантууда.

 

МААЛЫМАТ