- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- КР ЭСКММ караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британиянын “HOPS Labor Solutions Ltd” оператору жана Кыргызстандын университеттери менен менен кызматташуу жөнүндө келишимине кол коюшту /
КР ЭСКММ караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британиянын “HOPS Labor Solutions Ltd” оператору жана Кыргызстандын университеттери менен менен кызматташуу жөнүндө келишимине кол коюшту
21 Ноябрь 2024
2024-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору британиялык “HOPS Labor Solutions Ltd” оператору менен биргеликте Талас мамлекеттик университети жана Ош технологиялык университети менен Улуу Британияда сезондук айыл чарба иштеринин программасынын алкагында студенттер үчүн практиканы уюштурууга багытталган кызматташуу келишимине кол коюшту.
Келишимдин шарттарына ылайык, аталган университеттердин студенттерине 2025-жылга карата пилоттук долбоордун алкагында жайкы каникул учурунда Улуу Британияда эмгек акы төлөнүүчү стажировкадан өтүүгө кошумча мүмкүнчүлүк алышат.