Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Түркия Республикасына 2025-жылга карата сезондук жумушка талапкерлерди онлайн каттоо башталганын жарыялайт

29 Январь 2025
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Түркия Республикасына 2025-жылга карата сезондук жумушка талапкерлерди онлайн каттоо башталганын жарыялайт

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Түркияда туризм тармагында иштөө үчүн 500 орунга Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо башталганын билдирет.

Swandor Kiris, Swandor Topkapi жана Lykia World престиждүү мейманканаларында төмөнкү кызматтарга бош орундар ачык:

• официанттар;

• горничныйлар;

• конок менеджерлери;

• аниматорлор;

• ашпозчулар;

• тазалык кызматкерлери ж.б.

 

Жумушка орношууну каалагандар төмөнкү шилтеме аркылуу каттала алышат: 

ШИЛТЕМЕ (https://form.jotform.com/250282114049449)

 

Талапкерлерге коюлган талаптар:

• 18 жаштан 45 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары;

• 2026-жылга чейин жарактуу жалпы жарандык (чет элдик) паспорттун болушу зарыл.

 

Каттоого коюлган талаптар:

1. Толук аты (фамилиясы, аты, атасынын аты), латынча;

2. Жалпы жарандык (загран) паспорттун номери жана сүрөтү (РЕ же АС дан башталат);

3. Ак фондо жүзүңүздүн жана толук боюңуздун сүрөтүн жүктөңүз;

4. Электрондук почта;

5. Байланыш телефон номери;

6. Кошумча суроолорго жооп берүү.

 

МААНИЛҮҮ!

Талаптарга жооп берген талапкерлер маектешүүгө электрондук почта аркылуу чакырылат. Ал 2025-жылдын 30-январында саат 12:00дө Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 34/1 дарегинде жайгашкан «City Hotel» мейманканасында өтөт.

Катталган талапкерлерди тандап алуу туркиялык иш берүүчүлөр тарабынан жүргүзүлөт. Эгерде 500 орун толукталса, онлайн каттоо автоматтык түрдө жабылат.

Айлыгы: 700-800 АКШ доллары.

Иш берүүчү төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
✔️ Эки тарапка билеттер
✔️ Үч маал тамак
✔️ Турак жай
✔️ Медициналык камсыздандыруу

👤 Жашы: 18 жаштан 45 жашка чейин