Бишкек шаарында Улуу Британияга сезондук иштерге жөнөп жаткан жарандар үчүн кетээр алдында окутуу жана каржылык сабаттуулук боюнча тренинг өттү

27 Март 2025
Бишкек шаарында Улуу Британияга сезондук иштерге жөнөп жаткан жарандар үчүн кетээр алдында окутуу жана каржылык сабаттуулук боюнча тренинг өттү

Бишкек шаарында Улуу Британияга сезондук иштерге жөнөп жаткан жарандар үчүн кетээр алдында окутуу өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында каржылык сабаттуулук боюнча тренинг да уюштурулду. Окутууга 100гө жакын адам катышты.

Окутуунун негизги темалары:

📌 Эмгек шарттарынын каржылык аспектилери – эмгек акынын эсептелиши жана төлөнүшү, салык системасы, салыктык кайтарымдар.
📌 Финансылык менеджмент – эмгек акыны туура пайдалануу, инфляцияны эске алуу, алдамчылык схемалардан сактануу.
📌 Жумуш жана социалдык укуктар – эмгек укуктары жана милдеттери, Улуу Британиядагы жашоо жана иштөө өзгөчөлүктөрү.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан Эл аралык миграция уюмунун (МОМ) колдоосу менен жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте уюштурулду.

Эмгек келишим алган талапкерлер үчүн кошумча окутуу программасы

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору контракт алган талапкерлер үчүн да атайын окутуу өткөрдү. Программа төмөнкүдөй багыттарды камтыды:
Маданияттар аралык түшүнүү жана адаптация – Улуу Британиядагы жашоо шарттары.
Социалдык нормалар – жүрүм-турум эрежелери, каада-салттар жана эмгек этикасы.
Практикалык даярдык – жумуш чөйрөсүнө адаптация жана жетекчилик менен иш алып баруу.

Мындай окутуулар – чет өлкөдө иштөөгө кеткен жарандардын жаңы шарттарга ийгиликтүү ыңгайлашуусуна жардам берген маанилүү этап болуп саналат.