Борбордо социалдык секторду изилдөө боюнча JICA миссиясы менен жолугушуу болуп өттү

30 Сентябрь 2026
Борбордо социалдык секторду изилдөө боюнча JICA миссиясы менен жолугушуу болуп өттү

2026-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) социалдык секторду изилдөө боюнча миссиясы менен өз ара таанышуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга JICAнын «Хоккайдо» (Обихиро) борборунун директору Нэмото Наоюки мырза баштаган япон делегациясы катышты.

Визит япон делегациясынын демилгеси менен уюштурулуп, анын максаты Борбордун ишмердигин жана Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө уюшкан түрдө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү ролу тууралуу маалымат алуу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Борбордун өкүлдөрү япон делегациясын Борбордун негизги иш багыттары, Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө уюшкан түрдө ишке орноштуруу боюнча жүзөгө ашырылып жаткан программалар, ошондой эле Япония багыты боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштырды.

Мындан тышкары, өткөрүлүп жаткан тил курстары жана Кыргыз Республикасынын жарандарын Японияда мүмкүн болгон ишке орношууга даярдоо боюнча маалымат берилди.

Жолугушуу маалымат алмашуу жана Борбордун ишмердиги менен таанышуу форматында өттү.