2026-жылдын корей тилин билүү боюнча атайын тестирлөөнүн жыйынтыгы

30 Сентябрь 2026
2026-жылдын корей тилин билүү боюнча атайын тестирлөөнүн жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору 2026-жылы корей тилин билүү боюнча атайын тестирлөөдөн (EPS-TOPIK) ийгиликтүү өткөн жарандардын тизмесин жарыялайт.

 

ТИЗМЕ

 

2026-жылы корей тилин билүү үчүн атайын тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн жарандар Корея Республикасына жумушка орношуу Реестрине катталуу үчүн төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

  • «Түндүк» тиркемесинен соттолбогондугу тууралуу маалым кат;
  • Demir Bank расчеттук счет (АКШ долларында расчеттук счет ачуу);

-    Медициналык справка: медициналык кароодон өтүү жөнүндө; 

-    Сүрөт 3,5х4,5 (2 даана) ак фондо кара кийим;

-    Паспорттун ( ID жана чет өлкөлүк) түстүү көчүрмөлөрү.

Документтерди кабыл алуу:

Бишкек шаары, 2026-жыл 7-октябрь, Токтогул көчөсү, 237

Ош шаары, 2026-жыл 7-октябрь, Амир-Тимур көчөсү, 9А

 

Бишкек шаары: Медициналык кароодон 2026-жылдын 1-октябрынан    6-октябрына чейин өтүү зарыл. 

1. Флюорография:
КММА медициналык борбору - Дареги: Бишкек ш., Касым Тыныстанов көчөсү,  (https://go.2gis.com/CzwfW) , кабыл алуу убактысы саат 09:00дан 14:30га чейин. Өзүңүз менен жалпы жарандык паспорт болушу керек.

2. Медициналык анализдер, офтальмолог жана отоларинголог (ЛОР):
"Unimed" медициналык борбору
Дареги: Бишкек шаары, Байтик Баатыра көчөсү, 3в. (https://go.2gis.com/6aYKa) , кабыл алуу убактысы саат 08:30дан 13:00гө чейин. Өзүңүз менен жалпы жарандык паспорт болушу керек.

⚠️Анализдерди ачкарын абалда тапшыруу талап кылынат.

 

Ош шаары: Медициналык кароодон 2026-жылдын 1-октябрынан 6-октябрына чейин өтүү зарыл.

Медициналык анализдер: "Aqua Lab" лабораториясы
Дареги: Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 228(https://go.2gis.com/3UYoD)