Ош шаарында эмгек миграциясы үчүн жалдоонун этикалык нормаларын жана стандарттарын алга жылдыруу боюнча тренинг өткөрүлдү

05 Июль 2024
Ош шаарында эмгек миграциясы үчүн жалдоонун этикалык нормаларын жана стандарттарын алга жылдыруу боюнча тренинг өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору (ЖЧӨИОБ) жана Мигранттар үчүн ресурстук борбору тарабынан    Миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун (ICMPD) колдоосу менен 3-4-июлдарда Ош шаарында «Эмгек миграциясы үчүн жалдоонун этикалык нормалары жана стандарттарын алга жылдыруу: Кыргызстандагы иш менен камсыз кылуучу жеке менчик агенттиктердин (ЖИА) потенциалын жогорулатуу» темасындагы тренинг өткөрүштү. 

Катышуучуларга ЖЧӨИОБдун ишмердүүлүгү тууралуу презентациялык материалдар көрсөтүлдү, тиешелүү маалыматтар берилди.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун ЖИАлар менен кызматташуусунун деңгээлин  жогорулатуу, иш менен камсыз кылуучу жеке менчик агенттиктердин жана башка кызыкдар тараптардын эмгек миграциясы үчүн жалдоонун этикалык нормалары жана стандарттарын алга жылдыруу боюнча потенциалын көтөрүү маселелери, мыйзамсыз миграциянын тобокелчиликтери талкууланды. 

Каралган маселелер боюнча тиешелүү мыйзам талаптары жана эл аралык тажрыйба тууралуу маалыматтар берилди. 

Мамлекеттик мекеме-ишканалардын жана ЖИАлардын өкүлдөрү талкууларга активдүү катышып, өз пикирлерин жана сунуштарын ортого салышты. 

Иш-чара конструктивдик маанайда өттү, анын жыйынтыктары бардык тараптарга пайдалуу болду. 

Тренингге Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жана Мигранттар үчүн ресурстук борбордун жетекчилиги жана кызматкерлери,  Миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун (ICMPD) өкүлү Голда Мира Рома, ЖИАлардын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышышты.