Ош шаарында Улуу Британияга сезондук жумушка кеткен Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн кетээр алдында чейин окуу жана финансылык сабаттуулук боюнча тренинг өткөрүлдү

19 Март 2025
Ош шаарында Улуу Британияга сезондук жумушка кеткен Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн кетээр алдында чейин окуу жана финансылык сабаттуулук боюнча тренинг өткөрүлдү

2025-жылдын 18 жана 19-мартында Ош шаарында Улуу Британияга сезондук жумушка кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн кетээр алдында окуу өткөрүлдү. Бул иш-чаранын алкагында финансылык сабаттуулук боюнча тренинг да өткөрүлдү. Окууга 60тан ашык жаран катышты.

Программанын алкагында катышуучулар Улуу Британияда жумушка орношуунун каржылык аспектилери, анын ичинде эмгек акыны эсептөө жана төлөө маселелери, салык салуу жана салыктарды кайтаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө кеңири маалымат алышты. Ошондой эле иштеп тапкан каражаттарды туура жана сарамжалдуу пайдалануу, алдамчылыктын алдын алуу чаралары, инфляцияны эсепке алуу жана жеке каражаттарды жана аманаттарды натыйжалуу башкаруу боюнча маалымат берилди.

Мындан тышкары катышуучулар эмгек укуктары жана милдеттери, ошондой эле Улуу Британиядагы жашоонун маданий жана социалдык өзгөчөлүктөрү менен тааныштырылды.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан Эл аралык миграция уюмунун колдоосунда жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте уюштурулган.

Мындай окуу иш-чаралары эмгек мигранттарын даярдоонун маанилүү этабы болуп саналат, аларга келген өлкөнүн экономикалык шарттарына ыңгайлашууга жана өздөрү жана үй-бүлөлөрү үчүн финансылык туруктуулукту камсыз кылууга жардам берет.