Баткен облусунун Кадамжай районунда жана Кызыл-Кыя шаарында маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү

21 Апрель 2025
Баткен облусунун Кадамжай районунда жана Кызыл-Кыя шаарында маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү

2025-жылдын 17-18-апрель күндөрү Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору “Благодать” коомдук фонду менен биргеликте Баткен облусунун Кадамжай районунда жана Кызыл-Кыя шаарында маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын өткөрдү. 
Иш-чарага райакимчиликтин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын жетекчилери жана тиешелүү кызматкерлери, аялдар кеңештеринин өкүлдөрү, жергиликтүү жашоочулар, студенттер катышып, аларга Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруунун  эрежелери, мигранттардын укуктарын коргоо, коопсуз эмгек миграциясы, жеке иш берүүчү агенттиктер, migrant.kg сайтындагы маалыматтарды туура пайдалануу, Россия Федерациясынын миграция багытын тескеген мыйзамдарына киргизилген өзгөрүүлөр боюнча кенен маалыматтар берилди.