- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн маанилүү маалымат: 2025-жылдын башынан тартып Россия Федерациясында болуу эрежелериндеги өзгөрүүлөр тууралуу /
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн маанилүү маалымат: 2025-жылдын башынан тартып Россия Федерациясында болуу эрежелериндеги өзгөрүүлөр тууралуу
Кыргыз Республикасынын урматтуу жарандары!
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору (мындан ары-Борбор) сиздерге Россия Федерациясынын бул өлкөгө визасыз режимде кирген чет өлкөлүк жарандардын убактылуу болуу мөөнөтүнө тиешелүү мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр күчүнө киргени жөнүндө маалымдайт. 2024-жылдын 8-августундагы №260-ФЗ "Россия Федерациясынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" федералдык мыйзамына ылайык, 2025-жылдын 1-январынан тарта Россия Федерациясынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын убактылуу болуу мөөнөтү календардык жылдын ичинде 90 суткага чейин кыскартылат.
Жалпы эрежелердеги өзгөчөлүктөр:
Бул чектөө:
- 2002-жылдын 25-июлундагы № 115-ФЗ "Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө " Федералдык мыйзамда жана Россия Федерациясынын Эл аралык келишимдеринде каралган учурларга;
-ошондой эле иштөө мөөнөтү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, анын ичинде эмгек ишмердиги, билим алуу, убактылуу жашоо же башпаанек алуу жагдайларына жараша узартылган учурларга таратылбайт.
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн негизги жоболор:
1. Миграциялык карта:
- Кирүүдө паспорттогу маалыматтарга ылайык миграциялык картаны (автоматтык түрдө же кол менен) орус тилинде же латын арибинде толтуруу керек.
- Эгерде болуу мөөнөтү 30 күндөн аз болсо, миграциялык карта берилбейт.
2. Болуу мөөнөтү:
- Убактылуу болуу мөөнөтү календардык жыл ичинде 90 сутка менен чектелген. Бул мөөнөттү узартуу эмгек келишиминин, билим берүү процессинин же мыйзамдарда каралган башка себептердин негизинде болушу мүмкүн.
3. Миграциялык каттоо:
- Кыргыз Республикасынын жарандары кирген учурдан тартып 30 күндүн ичинде каттоого туруудан бошотулат (жумушка орношуу максатында баргандар ушул мөөнөттө катталууга тийиш). Каттоого туруу үчүн кабыл алуучу тарапка миграциялык картаны жана паспортту берүү керек.
- Келүү жөнүндө билдирүүнү өз алдынча берүүдө көп функционалдуу борборду (КФБ), мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү порталын же Россиянын ИИМинин ведомстволук түзүмдөрүн пайдаланууга болот.
4. Эмгек ишмердүүлүгү:
-Кыргыз Республикасынын жарандары эмгектик же жарандык-укуктук келишими болгон учурда уруксат берүүчү документтерди жол-жоболоштурбастан иштей алышат.
- Иш берүүчүлөр үч жумушчу күндүн ичинде келишим түзүлгөндүгү же бузулгандыгы жөнүндө ИИМ органдарына кабарлоого милдеттүү.
5. Манжа изи жана медициналык жол-жоболоштуруу:
- Милдеттүү жол-жоболорго дактилоскопиялык каттоо, фотосүрөткө тартуу жана жыл сайын медициналык күбөлөндүрүү кирет.
- "Жашыл картаны" алуу үчүн ИИМдин аймактык органдарына же алардын ведомстволук ишканаларына кайрылуу зарыл.
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн сунуштар:
- Каттоодон өтүңүздөр, документтерди расмий каналдар аркылуу гана жасаңыздар.
- Турак жайды жалдоо боюнча жазуу жүзүндөгү келишимдерди түзүңүздөр жана жашаган жериңиз жөнүндө өз алдынча кабарлаңыз.
- Миграциялык документтерди тариздөө үчүн ортомчулардын кызматын колдонуудан алыс болуңуз.
- Россия Федерациясынын мыйзамдарын сактаңыз, өлкөнүн каада-салттарын жана баалуулуктарын урматтаңыз.
Кайрылуу
Борбор жарандарды миграция эрежелерин жана Россия Федерациясынын мыйзамдарын так сактоого чакырат.
Талаптарды бузуу административдик чараларга, анын ичинде РФда болуу мөөнөтүн кыскартууга жана депортацияга алып келиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында болуу эрежелери жөнүндө кошумча маалымат Россиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин расмий сайтында жеткиликтүү.
Маалымат булагы: Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги https://kyrgyz.mid.ru/ru/consular-services/dlya_grazhdan_kirgizii/pamyatka_grazhdaninu_kirgizii_pri_vezde_v_rossiyu/