Корея Республикасында EPS-Topik (E-9) программасы менен эмгектенип Кыргызстанга кайтып келген жарандарга маанилүү маалымат

28 Май 2024
Корея Республикасында   EPS-Topik (E-9) программасы менен эмгектенип Кыргызстанга кайтып келген жарандарга маанилүү маалымат

EPS-Topik (Е-9) программасы аркылуу Корея Республикасында эмгектенип келген жарандар менен байланыш түзүү жана өз мекенинде жакшы көнүп кетүүсү үчүн жергиликтүү Кыргызстандагы кореялык компанияларда ишке орношууга колдоо көрсөтүү максатында Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору EPS борбору менен биргеликте жолугушуу иш чарасын өткөрөт.

 

Дареги:  такталууда 

 

Убактысы: 2024-жыл 20-июнь, саат 12:30

 

Жолугушуунун максаты: Кореядан кайтып келген жарандарды Кыргызстанда ишке орноштурууда көмөк көрсөтүү боюнча маалымат берүү, эң мыкты тажрыйба боюнча маалымат, кыйынчылыктар менен бөлүшүү ж.б.

 

Катышуучулар: EPS-Topik (Е-9) программасы аркылуу эмгектенип кайтып келген жарандар. Кызыкдар болгон EPS-Topik (Е-9) программасы аркылуу эмгектенип кайтып келген жарандар катышуу үчүн тиркемедеги анкетаны толтуруп, электрондук почта аркылуу жиберүү зарыл. 

 

АНКЕТА

 

Электрондук почта: epscenterkg@gmail.com

Толук маалымат алуу үчүн байланыш номери: 0555 729 728