РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНДА ЖҮРГӨН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДАРЫНЫН КӨҢҮЛҮНӨ!

06 Ноябрь 2026
РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНДА ЖҮРГӨН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДАРЫНЫН КӨҢҮЛҮНӨ!

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Россия Федерациясынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартибине тиешелүү мыйзамдардагы өзгөртүүлөр тууралуу маалымдайт.

Россия Федерациясынын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, чет өлкөлүк жарандарды Россиянын аймагынан мажбурлап чыгарууга негиз болгон административдик укук бузуулардын тизмеси эки эседен ашык кеңейтилди. Россиянын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүүсүнө көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган аталган өзгөртүүлөр 2026-жылдын                 3-ноябрынан тартып күчүнө кирди.

Тактап айтканда, мурда айып пул салуу каралган төмөнкү укук бузуулар эми чет өлкөлүк жарандарды өлкөнүн аймагынан мажбурлап чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болушу мүмкүн:

  • майда бейбаштык;
  • укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин же аскер кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө;
  • чогулуштарды, митингдерди жана коомдук иш-чараларды уюштуруунун же өткөрүүнүн белгиленген тартибин бузуу;
  • Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүн каралоого багытталган ачык аракеттер;
  • интернетте адамдын кадыр-баркына жана коомдук адеп-ахлакка шек келтирген маалыматтарды таратуу;
  • Россия Федерациясына каршы санкцияларды киргизүүгө чакырыктар;
  • басмырлоо көрүнүштөрү;
  • нацисттик же экстремисттик символиканы пропагандалоо;
  • баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү.

Ушуга байланыштуу Борбор Россия Федерациясынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын аталган өзгөртүүлөр менен кылдат таанышууга, Россия Федерациясынын мыйзамдарынын талаптарын жана өлкөдө жүрүүнүн белгиленген тартибин так сактоого чакырат. Бул мүмкүн болуучу терс кесепеттердин, анын ичинде өлкөнүн аймагынан мажбурлап чыгаруунун алдын алуу үчүн маанилүү.

Булак: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги.