Чет өлкөгө иштегени кетерде шылуундардан сак болуңуз!

04 Ноябрь 2026
Чет өлкөгө иштегени кетерде шылуундардан сак болуңуз!

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жарандарды чет өлкөдө жумуш издегенде сак болууга жана шектүү жумушка орноштуруу сунуштарына ишенбөөгө чакырат.

Шылуундар өздөрүн ортомчу же чет өлкөлүк иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү катары тааныштырып, чет өлкөгө тез арада жана кепилденген негизде жумушка орноштурууну убада кылып, ар кандай шылтоолор менен акча каражаттарын талап кылышы мүмкүн. Атап айтканда:

  • Виза жана уруксат берүүчү документтерди тариздөө үчүн төлөм – визаны же иштөөгө уруксатты тездетип алуу шылтоосу менен акча талап кылуу.
  • Бош жумуш орундарын издөө жана брондоо үчүн төлөм – жумуш ордун сунуштоо же талапкерлердин тизмесине киргизүү үчүн акча талап кылуу.
  • Эмгек келишимин тариздөө үчүн төлөм – документтерди даярдоо же каттоо зарылдыгын айтып, акы төлөөнү талап кылуу.
  • Медициналык камсыздандыруу үчүн төлөм – чет өлкөгө чыгуу же жумушка орношуу үчүн алдын ала медициналык камсыздандыруу талап кылынарын айтып, көрсөтүлгөн эсепке акча которууну сунуштоо.
  • Авиабилеттер жана жашоо үчүн төлөм – билет, турак жай же чет өлкөгө чыгып кетүүнү уюштуруу үчүн алдын ала акча которууну талап кылуу.
  • Кепилденген жумушка орноштуруу үчүн төлөм – белгилүү бир сумманы төлөгөн шартта жогорку айлык акы, ыңгайлуу иш шарттары жана чет өлкөгө тез арада жөнөтүү убадасын берүү.

Жарандар жеке ишке орноштуруу агенттиги (ЖИА) менен келишим түзөрдөн мурда анын жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча уруксаты бар экендигин текшериши зарыл.

Борбор жарандарды сак болууга, маалыматтарды кылдат текшерүүгө жана чет өлкөдө ишке орношуу маселелери боюнча консультация алуу үчүн Борбордун расмий байланыш каналдарына кайрылууга чакырат. Шылуундукка шектенүү жаралган же акча каражаттары мыйзамсыз алынган учурларда укук коргоо органдарына кайрылуу зарыл.

Байланыш маалыматтары

Консультация алуу жана кайрылууларды жөнөтүү үчүн жарандар төмөнкү байланыш каналдары аркылуу Борборго кайрыла алышат:

WhatsApp: +996 880 18 99 00

Телефон жана WhatsApp:

  • +996 224 550 332
  • +996 227 550 332
  • +996 221 550 332

Telegram: +996 559 18 99 00

Борбордун даректери:

  • Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 237.
  • Ош шаары, Амир-Тимур көчөсү, 9А.