Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү менен жапониялык делегациянын жолугушуусу

03 Июнь 2024
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү менен жапониялык делегациянын жолугушуусу

2024-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борборунун (мындан ары – Борбор) директору Кудайбердиев Б.Э. жапон делегациясын баштаган Жапониянын Мамлекеттик катчысы, Тышкы иштер министринин улук вице-министри Цудзи Киото мырза жана Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Года Хидеки мырза менен жолугушту.

Бул жолугушуунун жүрүшүндө иш менен камсыз кылуу шарттарын жакшыртуунун жаңы келечектери жана тышкы эмгек миграциясы жаатында Кыргыз Республикасы менен Жапониянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүчү маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт кызматташууга даярдыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын жарандарын Жапонияда ишке орноштуруу маанилүү экенин жана эки өлкөнүн экономикалык өсүшүнө түрткү берерин баса белгиледи.

Борбордун директору Б.Э.Кудайбердиев белгилегендей, бүгүнкү күндө 9 ишке орноштуу агенттиктери Жапонияга ишке орноштурууга байланыштуу уруксат кагазын алган. Ошондой эле жапониялык өнөктөштөр менен биргеликте Кыргызстанда сертификация борборун ачуу мүмүкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды. Бул сунуш Кыргызстандын жарандарына Жапонияда ийгиликтүү ишке орношуу үчүн тишелүү квалификацияларды жана сертификаттарды алууга мүмүкүнчүлүк түзөт.

Жалпысынан жолугушуу достук жана жемиштүү кырдаалда өттү. Жыйынтыгында тараптар миграция жаатындагы достук мамилелерди чыңдоо үчүн кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүнү жана бекемдөөнү макулдашышты.