Встреча с Президентом фонда «IM Japan»: расширение возможностей трудоустройства граждан Кыргызстана в Японии

17 Январь 2025
Встреча с Президентом фонда «IM Japan»: расширение возможностей трудоустройства граждан Кыргызстана в Японии

2025-жылдын 17-январында Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Борбордун директору Бакыт Кудайбердиев менен Япониянын Эл аралык адам ресурстарын өнүктүрүү фондунун “IM Japan” Президенти Хитоши Канамори мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын жарандарын Японияда ишке орноштуруу жаатында кызматташууну кеңейтүү перспективаларын талкуулашты. Тажрыйбаларды, практикалык окууларды уюштуруу, ошондой эле “Квалификациялуу жумушчу” программасынын алкагында кесиптик чеберчилиги бар кыргызстандык адистерди тартуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Хитоши Канамори мырза кыргыз тарапка эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жигердүү көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, жапон тилин үйрөнүп жаткан кыргызстандык студенттердин даярдык деңгээлин жогору баалады. Фонддун президенти белгилегендей, мындай жыйынтыктар кыргызстандык кадрлардын Японияда ийгиликтүү адаптация жана иштөө үчүн жогорку потенциалын тастыктайт.

Өз кезегинде Бакыт Кудайбердиев Борбор жарандарга Японияда ишке орношуу процессинде ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенине ишендирди. Кыргызстандыктарды жумушка жана стажировкага жөнөтүү процессин тездетүү үчүн визалык документацияга байланыштуу процедуралык маселелерди тез арада чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү макулдашышты. Эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы достук байланышты чыңдоого, ошондой эле кыргызстандыктарды чет өлкөлөрдө туруктуу ишке орноштурууга мүмкүнчүлүк түзөрүн баса белгиленди.