Түркиянын жеке агенттиктери менен жолугушуу
2024-жылдын 21-августунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Анталия шаарындагы Башкы консулунун катышуусунда, иш менен камсыз кылуу жаатында кызматташууну жана тажрыйба алмашууну бекемдөө максатында Түркиядагы жеке агенттиктердин жетекчилери менен жолугушуу болуп өттү.
Талкуунун жүрүшүндө чет элдик жумушчулардын укуктарын коргоонун жана иш берүүчүлөр тарабынан бардык зарыл болгон укуктук жана социалдык милдеттерди камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун катышуучулары эмгек рыногунда ишенимдин жана ачык-айкындуулуктун деңгээлин мындан ары жогорулатууга ишеним билдиришти.
Ошондой эле, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымат алмашууну кеңейтүү, тренингдерди жана семинарларды өткөрүү аркылуу эки өлкөнүн ведомстволорунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жаатында өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча чараларды сунуштады.
Өз кезегинде түрк агенттиктердин өкүлдөрү орун алган көйгөйлөрдү талкуулоо жана биргелешип чечүү жолдорун табуу үчүн үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар мындан аркы ийгиликтүү өз ара аракеттенүүнү кененирээк талкуулоо үчүн үстүбүздөгү жылдын 4-кварталында Кыргызстандын жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин катышуусунда кайрадан жолугушууну макулдашышты.