“Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Борбордук Азиядагы миграция боюнча аймактык кеңешчиси менен жолугушуу”

29 Август 2024
“Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Борбордук Азиядагы миграция боюнча аймактык кеңешчиси менен жолугушуу”

2024-жылдын 28-августунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Борбордук Азиядагы миграция боюнча аймактык кеңешчиси Урсулла Келлер Алаззави менен жолугушуу өттү.

Урсулла Келлер Алазави Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн коопсуз жана мыйзамдуу эмгек миграциясынын каналдарын камсыздоо боюнча Борбордун ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Борбордун директору Кудайбердиев Бактыбек Эсенбекович Борбордун жарандарга чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берүү, консультациялык-укуктук колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргызстандагы Эл аралык уюмдун миссиясы тарабынан коопсуздук миграция үчүн көрсөтүлүп жаткан техникалык жардам көрсөтүү боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу кеңири айтып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Урсулла Келлер Алаззави Борбордун ишмердүүлүгү жана эл аралык иш менен камсыз кылуу жаатындагы негизги милдеттери менен таанышты. Андан тышкары, Борбордун ишинин негизги багыттары, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына чет өлкөдө ишке орношууда колдоо көрсөтүү, эмгек миграциясынын мыйзамдуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо чаралары талкууланды.

Тараптар мындан аркы кызматташуунун келечегин, миграция жана жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу жаатында тажрыйба алмашууну талкуулашты.