Кыргызстандын 26 миңден ашуун жараны Улуу Британияда сезондук жумушка баруу үчүн арыз берген

08 Февраль 2024
Кыргызстандын 26 миңден ашуун жараны Улуу Британияда сезондук жумушка баруу үчүн арыз берген

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору 2024-жылдын 6-февралында саат 14:00 баштап 21:00 чейин Улуу Британиянын айыл чарбасында сезондук ишке орноштуруу программасынын алкагында «Hops Labor Ltd» оператору аркылуу ишке орношууну каалаган кыргыз жарандарын  онлайн каттоодон өткөрдү.

 

Каттоодон өткөн жети сааттын ичинде 26 170 адам арызын тапшырып, анын ичинен 14 735 адам оператор тарабынан тандоонун биринчи этабынан ийгиликтүү өттү. Тандап алуунун биринчи этабы анкетаны толтуруунун тууралыгын, gmail дарегинин болушун жана "HopsLaborLtd" оператору тарабынан аныкталган башка критерийлерди текшерүүнү камтыды.

 


Тандоонун биринчи этабынан өткөн жарандардын тизмеси менен төмөнкү шилтемеден таанышууга болот

ТИЗМЕ

 

Тандоонун экинчи этабы 2024-жылдын 9-февралында жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00дө ачылат. Тандоонун биринчи этабынан өткөн бардык жарандар “HopsLaborLtd” операторунун платформасында онлайн тестирлөөдөн өтүшү керек. Платформага кирүү үчүн, арыз формасында көрсөтүлгөн электрондук почта логинди колдонушуңуз керек. Тестирлөө 10 мүнөткө созулат, ал эми платформа 45 мүнөткө жеткиликтүү болот. Туура эмес көрсөтүлгөн электрондук почта дареги же тестирлөөдөн өз убагында өтпөй калган учурда талапкер тандоонун экинчи этабынан өтпөй калды деп эсептелет. Платформага кирүү шилтемеси кийинчерээк www.migrant.kg сайтында жаңылыктар блогунда жана Борбордун Инстаграм баракчасынын (@info.migrant.kg) сторисине жарыяланат.

 

Тест тапшыруунун эрежелери:

  • Катталган жана тандалган талапкерлер гана онлайн тестирлөөдөн өтө алышат;
  • Каттоо учурунда көрсөтүлгөн @gmail.com электрондук почта дареги аркылуу гана өтө алат;
  • өтүү аракетинин саны – 1 (бир) жолу;
  • өтүү убактысы - 10 (он) мүнөт;
  • Башка ресурстарын пайдаланууга тыюу салынат;
  • Тестирлөө учуруда платформадан чыкпастан бир толтуруңуз, эгер кыска убакытка чыгып кайра кирем десеңиз тестирлөө автоматтык түрдө аяктайт.

 

!!!! Бетме-бет маектешүү үчүн тандалган талапкерлердин тизмеси, ошондой эле маектешүүнүн орду жана убактысы 2024-жылдын 12-февралында www.migrant.kg сайтында жарыяланат.

 

Hops Labor Ltd оператору 2024-жылы Улуу Британиянын фермаларында иштөө үчүн Кыргыз Республикасынын 500-600гө жакын жаранын тандап алууну пландаштырууда. Иш суроо-талапка жана мезгилге жараша 6 айга чейин берилет. Эмгек шарттары жана эмгек акы Улуу Британиянын стандарттарына ылайык болот.

 

Улуу Британиянын Сезондук айыл чарба жумушу программасы Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоонун бир жолу. Программа ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүгө, кыргыз жарандарынын квалификациясын жана кирешесин жогорулатууга, ошондой эле маданий жана социалдык баалуулуктарды алмашууга көмөктөшөт.

 

Улуу Британиянын айыл чарбасында сезондук жумуш менен камсыз кылуу программасы жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн, ишеним телефонуна кайрылыңыз: +996 224 550 332, +996 227 550 332