- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Улуу Британияда Сезондук жумушчу схемасы боюнча расмий түрдө иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары Улуу Британиянын киреше кызматына (HMRC) төлөнгөн киреше салыгын толугу менен же бир бөлүгүн кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ /
Улуу Британияда Сезондук жумушчу схемасы боюнча расмий түрдө иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары Улуу Британиянын киреше кызматына (HMRC) төлөнгөн киреше салыгын толугу менен же бир бөлүгүн кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ
25-сентябрда Эмпирика Груп менен кызматташуу келишимине кол коюлду. Бул келишимге ылайык, тараптар Улуу Британияда Сезондук жумушчулар программасынын алкагында иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарына ашыкча төлөнгөн киреше салыгын кайтарып берүү менен жардам көрсөтүшөт.
Компания бул жаатта жакшы тажрыйбага ээ жана Улуу Британиянын Киреше кызматынын (HMRC) көрсөтмөлөрүнө ылайык ыйгарым укуктуу агент катары иштейт жана буга чейин Кыргыз Республикасынын 1000ден ашык жарандарына киреше салыгын кайтарып алууда абдан жогорку ийгиликке жардам берген.
Улуу Британияда Сезондук жумушчу схемасы боюнча расмий түрдө иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары Улуу Британиянын киреше кызматына (HMRC) төлөнгөн киреше салыгын толугу менен же бир бөлүгүн кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ:
- Акыркы 5 жылда төлөнгөн киреше салыгын кайтарса болот, бирок андан ашык эмес.
- Кээ бир иш берүүчүлөр айлыгыңардан салык кармап калбагандыктан, иш жүзүндө төлөгөн салыктарыңыз үчүн гана кайтарып ала аласыз.
- Эгер сиз Улуу Британиядан кеткен болсоңуз гана салыкты кайтарып ала аласыз.
- Эгерде сиздин жалпы кирешеңиз £12,570 аз же барабар болсо, анда сизге төлөнгөн салыктардын толук суммасы кайтарылып берилет.
- Эгерде сиздин жалпы кирешеңиз £12,570 ашык болсо, анда сиз төлөнгөн салыктын бир бөлүгүн кайтарып аласыз.
Салыкты кайтарып алуу үчүн төмөнкү документтерди тапшырып, онлайн форманы толтуруу керек:
- P45 формасы
- Чет элдик паспорт
- Электрондук почта
- Онлайн-форма: https://wkf.ms/3XGL8JG
Процесс 1,5 айдан 4 айга чейин созулат. Кээ бир учурларда 7-8 айга чейин созулушу мүмкүн. Толук маалымат алуу жана салыкты кайтарып берүү үчүн арыз берүү үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылыңыз: Калык Акиев 66 («Весна» соода борбору), 4-кабат, В3 кеңсе.