Корей тилин билүү боюнча тестирлөөнүн (EPS-TOPIK) экинчи этабы Skill-Testтин өткөрүү графигин жарыялайт

12 Ноябрь 2026
Корей тилин билүү боюнча тестирлөөнүн (EPS-TOPIK) экинчи этабы   Skill-Testтин өткөрүү графигин жарыялайт

2026-жылдын 21-ноябрь күнү Бишкек шаарында корей тилин билүү боюнча сынактын биринчи этабынан ийгиликтүү өткөн жарандарүчүн экинчи этап Skills-Testти өткөрүлөт.

Тестирлөө өткөрүлүүчү дарек:
Бишкек шаары, № 4  Прфессионалдык кесиптик лицейи, Москва көчөсү 171Б, өткөрүү графиги бекитилген тизме боюнча жүргүзүлөт. 

(https://2gis.kg/bishkek/firm/70000001019354152?m=74.58632%2C42.871183%2F16&immersive=on)

 

ТИЗМЕ

 

Катышуучулардын тизмеси www.migrant.kg сайтынын «Жаңылыктар» бөлүмүндө жарыяланган.

 

Тестке катышуучу Кыргыз Республикасынын жарандары тестке жалпы жарандык (загран) паспортун көрсөткөн учурда гана киргизилет.. 

 

Тесттин графиги:

  • Датасы жана убактысы алдын ала бекитилген графикке ылайык өткөрүлөт.
  • Катышуучу белгиленген убакытка кечиксе, тестке киргизилбейт.

 

Маанилүү! ID паспорт, «Түндүк» тиркемесиндеги документ же телефондогу сүрөттөр кабыл алынбайт.