Коопсуз миграция кербенин – Чет өлкөдө бош орундар жармаңкесин Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда уюштурат

28 Ноябрь 2023
Коопсуз миграция кербенин – Чет өлкөдө бош орундар жармаңкесин Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда уюштурат

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдыккамсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишкеорноштуруу борбору Winrock Internationalтарабынан ишке ашырылып жаткан "БорбордукАзиядагы коопсуз миграция" USAID долбооруменен биргеликте Коопсуз миграция кербенин – Чет өлкөдө бош орундар жармаңкесин Кыргыз Республикасынын бардык региондорундауюштурат.

 

Бош орундар жарманкеси чет өлкөдө иштөөнүкаалаган жарандар үчүн көптөгөнмүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. 20дан ашык жекеиш менен камсыз кылуу агенттиктери катышат, алар кызмат көрсөтүү, тейлөө, транспорт, соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармактарда 2000ден ашык бош орундардысунуштайт.

 

 

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулартөмөнкү маалыматтар менен таанышуугамүмкүнчүлүк алышат:

 

• Түштүк Корея, Улуу Британия, Германия, Венгрия жана башка Европа өлкөлөрүсыяктуу ар кандай өлкөлөрдөгү бошорундар жөнүндө актуалдуу маалыматтар.

• Жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктериаркылуу чет өлкөдө ишке орноштурууэтаптары жөнүндө маалымат.

• Эмгек мыйзамдары жана чет өлкөлөрдөжумушка орношуу боюнча кеңеш.

• Migrant.kg мобилдик тиркемесининпрезентациясы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун расмий тиркемеси болуп саналат. Мобилдик тиркемеде коопсуз миграция процесстери,ишенимдүү жеке агенттиктердин тизмеси, чет өлкөгө кетер алдында даярдыктан өтүү онлайн курстар жана Россия Федерациясынын кара тизмеде бар же жок экендиги тууралуу маалыматтар.

 

 

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуру борбору бардык кызыкдар тараптарды Бош орундар жарманкесине катышууга жана коопсуз миграция, чет өлкөдө иштөө мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө керектүү маалыматтарды алууга чакырат.

 

Migrant.kg мобилдик тиркемесин бүгүн жүктөп алып жана чет өлкөгө сапарыңызды коопсузкылыңыз жана маалыматтарга ээ болуңуз!

 

Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкүдарекке кайрылыңыз: W/A 0559 189 900 

 

✅4-декабрь Баткен ш., И.Жусупов к., 21 (БатМу)
✅5-декабрь Жалал-Абад ш., Ленин к., 57 (ЖАМУ) 
✅6-декабрь Ош ш., Ленин п., 331(ОшТУ) 
✅12-декабрь Нарын ш., С.Орозбак к., 25 (НарМУ) 
✅13-декабрь Каракол ш., Абдрахманова к., 103 (ЫМУ) 
✅14-декабрь Бишкек ш., Фрунзе к., 547 (КУУ)

 

🕐 Иш-чаранын башталышы 10:00-12:00.

 

☎️ Кошумча маалымат алуу учун Ишеним номерине байланышсаңыздар болот W/A+996 559 189 900