Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна келди

08 Июнь 2026
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна келди

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Л. Сагынбаев Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна келди.

Министр Борбордун негизги иш багыттары, Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө уюшкан түрдө ишке орноштуруу боюнча аткарылып жаткан иштердин жыйынтыктары, жүргүзүлүп жаткан маалыматтык-түшүндүрүү иштери, ошондой эле эмгек мигранттарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытындагы иштер менен таанышты.

Борбордун жетекчилиги Министрге ишке ашырылып жаткан ишке орноштуруу программалары, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуу, жарандарды ишке орноштуруу географиясын кеңейтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле коопсуз, уюшкан жана мыйзамдуу эмгек миграциясын камсыздоого багытталган чаралар тууралуу маалымат берди.

Министр жарандарды чет өлкөгө жөнөтүүгө даярдоо маселелерине өзгөчө буруп, Корея Республикасында иштөө үчүн эмгек келишимдерин алган Кыргыз Республикасынын жарандарына милдеттүү түрдө өтүлүүчү сапар алдындагы окутууга катышты.

Белгилей кетсек, сапар алдындагы окутуу жарандарды чет өлкөгө ишке жөнөтүүгө даярдоонун милдеттүү этабы болуп саналат. Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар кабыл алуучу өлкөнүн эмгек мыйзамдары, эмгек жана жашоо шарттары, кызматкерлердин укуктары жана милдеттери, ошондой эле чет өлкөдө коопсуз жүрүү эрежелери боюнча маалымат алышат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министр К.Л. Сагынбаев Корея Республикасына эмгек келишимин алган жарандар менен баарлашып, алардын сапар алдындагы даярдыгы менен таанышып, кызыктырган суроолоруна жооп берди.