Кыргыз Республикасынын жарандарын Италияда жумушка орношуусунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү

09 Ноябрь 2023
Кыргыз Республикасынын жарандарын Италияда жумушка орношуусунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү

Бүгүн, 2023-жылдын 9-ноябрында маанилүү окуя болуп өттү - Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Италиянын айыл чарба өндүрүүчүлөрүн бириктирген "COLDIRETTI SARDEGNA " ассоциациясынын ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга онлайн кол коюлду.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө мындан аркы кызматташуу жана Сардиния (Италия) аймагында, фермердик чарба жана туризм тармагына жубайларды чогуучакыруу аркылуу жумушчу ресурстарды тартуу маселелери талкууланды.

 

"COLDIRETTI SARDEGNA" сүт, сыр жана башка айыл чарба азыктарын өндүрүү боюнча тажрыйба алмашуунун уникалдуу мүмкүнчүлүгүн түзүп  берүүгө, ошондой эле социалдык пакетти, анын ичинде турак жайды, мыйзамдуу жүрүүнү, медициналык камсыздандырууну сунуштоого даяр.

 

Мындан тышкары, эки тарап Италияга келгенден кийин итальян тили жана маданияты боюнча окутуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап, кыргызстандык иш издөөчүлөр үчүн реалдуу перспективаларга жол ачылып жатат.

 

Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилигинин активдүү колдоосунун жана Элчи Таалай Базарбаевдин жеке катышуусунун аркасында мүмкүн болду, бул Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Сардиния (Италия) аймагындагы жумушка орношуунун келечектүү мүмкүнчүлүктөрү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

 

Бул маанилүү окуя эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөдө олуттуу кадам болуп саналат жана Сардиния (Италия) аймагында ишке орношууну каалаган Кыргызстандын жарандары үчүн жаңы перспективаларды ачат.

 

Тараптардын кийинки кадамы Кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу болуп саналат, ал бул программанын алкагында ишке орношууну каалагандардын арасынан тандоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

 

Толугураак маалымат алуу үчүн Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна кайрылууңуздарды өтүнөбүз (Бишкек ш., Токтогул көч., 237; Ош ш., Ленин көч., 221).