Бош орундардын Онлайн жарманкеси: "КАМАЗ"ПАОдо иштөө мүмкүнчүлүктөрү

18 Январь 2024
Бош орундардын Онлайн жарманкеси: "КАМАЗ"ПАОдо иштөө мүмкүнчүлүктөрү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору бардык кызыкдар жарандарды 2024-жылдын 19-январында Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө Бош орундардын онлайн-жармаңкесине катышууга чакырат.

 

Бул иш-чара Россия Федерациясындагы «КАМАЗ» ЖАКсында Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн учурдагы бош орундар, шарттар жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берүүгө багытталган.

 

Иш-чаранын чоо-жайы

 

Күнү: 2024-жыл, 19-январь

Убакыт: 15:00 (Бишкек убактысы боюнча)

Платформа: Zoom

Шилтеме: Zoom жолугушууга шилтеме

 


«КАМАЗ» ЖАК автобустарды, электробустарды, суу автобустарын (NEFAZ маркасы менен), тракторлорду, комбайндарды, дизелдик жүк ташуучу унааларды, дизелдик кыймылдаткычтарды, электр агрегаттарын, жылуулук мини-электр станцияларын жана аларга тиешелүү тетиктерди чыгарган белгилүү өндүрүүчү болуп саналат.

Учурда «КАМАЗ» ЖАКтын ишканаларында 55 миңге жакын кызматкер эмгектенет. 

Жатаканаларда жашоо жана кызматкерлер үчүн толук социалдык пакет берилет.

 

Катышуунун пайдасы

Бул жарманкеге катышуу чет өлкөдөн жумушка орношуунун коопсуз жолдорун аныктоого жана мекениңизден чыкпай туруп мыйзамдуу түрдө жумуш табууга жардам берет.

 

Кошумча маалымат

Кененирээк маалымат алуу үчүн ишеним телефонуна чалыңыз: +996 559 189 900.

Биз Кыргыз Республикасынын бардык кызыкдар жарандарын бул маанилүү иш-чарага катышууга чакырабыз, ал «КАМАЗ» ЖАКта жумушка орношуунун коопсуз жолдорун аныктоого жардам берет.

Кызматташуу жана кошумча маалымат боюнча бардык суроолор боюнча Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна кайрылыңыз (дарегибиз Бишкек шаары, Токтогул кочосу, 237)