Улуу Британиянын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу операторунун директору менен онлайн жолугушуу,

08 Декабрь 2023
Улуу Британиянын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу операторунун директору менен онлайн жолугушуу,

8-декабрда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу  Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Улуу Британиянын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу ETHERO операторунун директору Mr. Gareth Huhes менен онлайн жолугушуу болуп өттү. 

 

Жолугушуунун жүрүшүндө 2023-жылдагы кызматташтыктын жыйынтыктары жана 2024-жылга карата кызматташуунун келечеги талкууланды.

 

Жарандарды чет өлкөдө  ишке орноштуруу борбору менен ETHERO операторунун ортосундагы кызматташтык 2023-жылы ийгиликтүү болгону белгиленди. Кыргыз Республикасынын көптөгөн жарандары Улуу Британияда эки тараптын аракетинин аркасында жумуш тапты.

 

Ошондой эле 2024-жылга карата кызматташуунун келечектеги перспективалары талкууланды. Пландарга ылайык, ETHERO оператору келерки жылы Кыргыз Республикасы үчүн квотаны көбөйтүүнү пландап жатат. Бул Кыргызстандын жарандары үчүн жумушка орношуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн гана камсыз кылбастан, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты дагы өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктү ачат.

 

Жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиев Улуу Британияда ишке орноштуруу программасын улантуунун жана эмгекчилерге колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле операторго тынымсыз колдоосу жана кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Эки тарап 2024-жылы кызматташтык ийгиликтүү уланып, эки өлкө үчүн өз ара пайда алып келерине үмүт артышты. Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жана ETHERO  оператору Кыргыз Республикасынын жарандарын колдоо багытында активдүү иш алып барууну улантат.