Улуу Британиянын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу операторунун директору менен онлайн жолугушуу

01 Ноябрь 2023
Улуу Британиянын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу операторунун директору менен онлайн жолугушуу

2023-жылдын 1-ноябырында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда  Улуу Британиянын Өкмөтүн ыйгарым укук берген HOPS Labor Solutions Ltd операторунун директору  Jimmy Davie мырза менен онлайн жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө 2023-жылдагы өнөктөштүктүн жыйынтыктары жана 2024-жылга карата кызматташтыктын келечеги талкууланды.

 

Белгиленгендей, 2023-жылы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен HOPS Labor Solutions Ltd операторунун ортосундагы кызматташтык ийгиликтүү болду. Кыргыз Республикасынын көптөгөн жарандары Улуу Британияда эки тараптын аракетинин аркасында жумуш тапты.

 

Тараптар 2024-жылга карата кызматташуунун келечегин талкуулашты. Планга ылайык, HOPS Labor Solutions Ltd оператору келерки жылы дагы 1500 Кыргыз Республикасынын жаранын ишке орноштурууну пландап жатат. Бул Кыргызстандын жарандары үчүн жумушка орношуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн гана камсыз кылбастан, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты дагы өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

 

Эки тарап 2024-жылы кызматташтык ийгиликтүү уланып, эки өлкө үчүн өз ара пайда алып келерине үмүт артышты. Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жана HOPS Labor Solutions Ltd оператору бардык кызыкдар тараптар үчүн ийгиликтүү келечектерди камсыз кылуу үчүн ишке орноштуруу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын колдоо багытында активдүү иш алып барууну улантат.