2026-жылдын корей тилин билүү боюнча тесттин жыйынтыгы
2026-жылы өндүрүш тармагы боюнча корей тилин билүү деңгээлин аныктоочу тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн жарандар Корея Республикасында ишке орношуу бирдиктүү реестрине катталуу үчүн 9-июнунан баштап 11-июнуна чейин төмөндө аталган документтерди даярдап, белгиленген графикке ылайык медициналык кароодон өтүүсү зарыл:
- Соттолбогондугу жөнүндө маалымкат (“Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу алууга болот).
- Demir Bank банкы аркылуу ачылган АКШ долларындагы эсеп (расчетный счет);
- Медициналык маалымкаттар: медициналык кароодон өтүү;
- Сүрөт 3,5х4,5 (2 даана) ак фондо кара кийим;
- Жалпы жарандык (загран) жана ID паспорттун түстүү көчүрмөлөрү;
Бишкек шаарында медициналык кароодон өтүү дареги.
- Флюорография:
КММА медициналык борбору
Дареги: Бишкек ш., Касым Тыныстанов көчөсү, 1 (https://go.2gis.com/CzwfW)
2026-жылдын 9-11-июнь чейин, кабыл алуу убактысы саат 09:00дан 14:30га чейин.
Өзүңүз менен жалпы жарандык паспорт болушу керек.
- Медициналык анализдер, офтальмолог жана отоларинголог (ЛОР):
"Unimed" медициналык борбору
Дареги: Бишкек шаары, Байтик Баатыра көчөсү, 3в. (https://go.2gis.com/6aYKa)
2026-жылдын 9-11-июнь чейин, кабыл алуу убактысы саат 08:30дан 13:00гө чейин.
Өзүңүз менен жалпы жарандык паспорт болушу керек.
⚠️ Анализдерди ачкарын абалда тапшыруу талап кылынат.
Ош шаарында медициналык кароодон өтүү дареги.
1.Медициналык анализдер:
"Aqua Lab" лабораториясы
Дареги: Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 228 (https://go.2gis.com/3UYoD)
2026-жылдын 9-11-июнь чейин, кабыл алуу убактысы саат 08:00дөн 15:00гө чейин.
Өзүңүз менен жалпы жарандык паспорт болушу керек.
⚠️ Анализдерди ачкарын абалда кабыл алынат.
2. Окулист жана ЛОР:
Үй-бүлөлүк медицина борбору №12
Дареги: Ош шаары, Абдыкадыров көчөсү, 9 (https://go.2gis.com/gfeOZ)
ЛОР – 4-каб., Офтальмолог – 22-каб.
2026-жылдын 9-11-июнь чейин, кабыл алуу убактысы саат 08:30дан 15:00гө чейин.
Өзүңүз менен жалпы жарандык паспорт болушу керек.
3. Флюорография:
Үй-бүлөлүк медицина борбору №10
Дареги: Ош шаары, Аскар Шакиров көчөсү, 20 (https://go.2gis.com/LkQfx)
2026-жылдын 9-11-июнь чейин, кабыл алуу убактысы саат 08:30дан 15:00гө чейин.
Өзүңүз менен жалпы жарандык паспорт болушу керек.
‼️ Маанилүү! Медициналык текшерүүдөн так белгиленген күндөрдө 2026-жылдын 9-11-июнь күндөр аралыгында өтүү талап кылынат. Ушул мөөнөттө медициналык кароодон өтүү Корея Республикасында ишке орношуу боюнча талапкерлердин Реестрине кирүү үчүн зарыл шарт болуп саналат.
📥 Документтердин толук пакети кабыл алуу:
- Бишкек шаары, Токтогул көч., 237 - 2026-жылдын 15-июнь.
- Ош шаары, Амир-Темур көч., 9А - 2026-жылдын 15-июнь.
Кошумча маалымат алуу үчүн www.migrant.kg сайтына, расмий социалдык тармактардагы баракчаларга же төмөнкү номерге кайрылыңыз:
📞 0 (312) 650-251