30-июндан тарта Россияга кирүү үчүн RuID тиркемесинде катталуу керек

29 Май 2026
30-июндан тарта Россияга кирүү үчүн RuID тиркемесинде катталуу керек

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жарандарга Россия Федерациясына кирүү үчүн «Госуслуги RuID» мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук арызды алдын ала тариздөөнүн зарылдыгы тууралуу маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Россия Федерациясына эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү, билим алуу же башка максаттар менен барууну пландаган чет өлкөлүк жарандарга электрондук арызды Россия Федерациясынын мамлекеттик чек арасынан өтүүгө чейин 90 күндөн эрте эмес жана 72 сааттан кечиктирбестен берүү сунушталат.

Шашылыш дарыланууга муктаждык жаралган, жакын тууганы оор абалда болгон же каза болгон өзгөчө учурларда, тиешелүү тастыктоочу документтер болгон шартта арызды кирүүгө чейин 4 сааттан кечиктирбей тапшырууга болот.

Белгиленгендей, «Госуслуги RuID» тиркемесин колдонуу миграциялык каттоону өркүндөтүүгө, чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун жогорулатууга жана Россия Федерациясында болууга байланышкан жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө багытталган.

Тиркеме аркылуу электрондук арыз бербеген жарандар да Россия Федерациясынын аймагына белгиленген тартипте кире алышат. Бирок Россияга киргенден кийин миграциялык каттоого туруу, эмгек келишимин түзүү, медициналык камсыздандырууну алуу жана SIM-карта сатып алуу учурунда кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн.

Ошондой эле бул тиркеме аркылуу жарандар Россия Федерациясына кирүүгө коюлган чектөөлөрдүн бар же жок экендигин алдын ала текшере алышат.

Жаңы талаптар Россия Федерациясына чет өлкөлүк жарандардын кирүү жана чыгуу эрежелерин апробациялоо боюнча эксперименттин экинчи этабынын алкагында ишке ашырылууда жана визасыз тартипте кирген Кыргыз Республикасынын жарандарына да тиешелүү.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарына Россия Федерациясына сапар алдында колдонулуп жаткан миграциялык талаптар менен алдын ала таанышуу сунушталат.

«Госуслуги RuID» тиркемесин App Store, Google Play, RuStore жана AppGallery платформаларынан жүктөп алууга болот.

Булак: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги.