Бүгүн, 2024-жылдын 18-январында Улуу Британияга бара жаткан жарандар үчүн тренинг ийгиликтүү өткөрүлдү

18 Январь 2024
Бүгүн, 2024-жылдын 18-январында Улуу Британияга бара жаткан жарандар үчүн тренинг ийгиликтүү өткөрүлдү

Бүгүн, 18-январда, Улуу Британияга бараткан мигранттарды колдоо программанын алкагында, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору катышуучуларды жаңы өлкөдө ийгиликтүү иштөөгө жана адаптациялоого даярдоого арналган уникалдуу тренинг өткөрдү.

 

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиев куттуктоо сөзү менен ачты. Директор өз сөзүндө аларга ийгиликтерди каалап, ошондой эле аталган программанын алкагында берилген мүмкүнчүлүктөрдү жаңы өлкөдө ийгиликтүү адаптациялоо үчүн пайдаланууга чакырды.

 

Тренингдин жүрүшүндө 40тан ашык катышуучу негизги билимдерди жана көндүмдөрдү, анын ичинде кирешелерди эсепке алуунун эффективдүү ыкмаларын, алдамчылыктын алдын алуунун стратегияларын, салык салуу жана инфляцияны түшүнүү, ошондой эле кайтарып берүүнү талап кылуу, ашыкча төлөмдөрдү болтурбоо, акча которуу куралдарын колдонуу жана акча үнөмдөө ыкмаларын ишке ашыруу.

Эксперттердин жана тажрыйбалуу практиктердин катышуусу менен катышуучулар Улуу Британияда ийгиликтүү ыңгайлашууга жардам бере турган баалуу кеңештерди жана лайфхактарды алышты.

 

Иш-чара Эл аралык миграция уюмунун (МОМ) колдоосу менен өткөрүлдү. Борбор бардык катышуучуларга жана өнөктөштөргө мигранттардын жаңы өлкөсүндө ийгиликке жетүүсүнө колдоо көрсөтүү үчүн бул маанилүү иш-чараны ийгиликтүү өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет жана бардык катышуучуларга Улуу Британияда жаркын жана ийгиликтүү жумушка орношууну каалайт.