Бүгүн, 2024-жылдын 4-январында, биздин 20 жараныбыздан турган кезектеги топ үчүн Улуу Британияга сезондук айыл чарба иштерине кетээр алдында окутуу болуп өттү

04 Январь 2024
Бүгүн, 2024-жылдын 4-январында, биздин 20 жараныбыздан  турган кезектеги топ  үчүн Улуу Британияга сезондук айыл чарба иштерине кетээр алдында окутуу болуп өттү

Бүгүн Улуу Британияда сезондук айыл чарба жумуштарына бара жаткан 20 жаран үчүн интенсивдүү окуу аяктады. Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан МОМдун колдоосу менен уюштурулуп, катышуучуларга чет өлкөдө ийгиликтүү адаптациялоо жана ишке орношуу үчүн зарыл болгон ар тараптуу пайдалуу маалыматтар берилди.

Катышуучулар Улуу Британиянын иштөө процесси, анын ичинде эмгек акы, салык салуу жана кайтаруу маселелери боюнча кеңири билимге ээ болушту. Ошондой эле алдамчылык фактылардан алдын алуу, инфляцияны эсепке алуу аспектилери чагылдырылып, каржыны жана кирешени эффективдүү башкаруунун инструменттери көрсөтүлдү.

Борбордун директору Бактыбек Кудайбердиев белгилегендей: «Биздин максат - жарандарга керектүү билимдерди берүү жана чет өлкөдө адаптациялоо жана ишке орноштуруу үчүн колдоо көрсөтүү. Даярдыктан  өткөн катышуучулар келечекте айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн бул тармагынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга салым кошуп жаңы билимдерди, тажрыйбаларды жана көндүмдөрдү менен бөлүшүп өлкөгө пайда алып келе алышат.»

Бул интенсивдүү тренинг ийгиликтүү аяктап, катышуучуларга Улуу Британияда иштөөгө ишеним жана оптимизм жаратты.