5-декабрь Жалал-Абад шаарындагы Коопсуз миграция кербени: Чет өлкөдө ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат

05 Декабрь 2023
5-декабрь Жалал-Абад шаарындагы Коопсуз миграция кербени: Чет өлкөдө ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат

Бүгүн 5-декабрда Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде "Коопсуз миграция кербени - Чет өлкөлөрдөгү бош орундардын жарманкеси" ийгиликтүү өттү

 

Демилге Winrock International тарабынан ишке ашырылып жаткан "Борбор Азиядагы коопсуз миграция" USAID долбоорунун колдоосу менен ишке ашты.
 


Иш-чара коопсуз миграцияга даярдыктар, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери аркылуу ишке орношуу этаптары тууралуу кабардар болгон катышуучулардын көңүлүн бурууга татыктуу болду, ошондой эле эмгек мыйзамдары жана чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча маалыматтарды алышты. 



Катышуучулар иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин актуалдуу бош орундары менен таанышууга жана бардык кызыктырган суроолоруна жооп алууга мүмкүнчүлүк алышты.



Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги иш-чара Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарында өткөрүлө турган бош орундар жарманкесинин иш-чараларынын сериясынын башталышы гана болуп саналат:

  • 6-декабрь: Ош шаары, Ленин проспекти, 331
  • 12-декабрь: Нарын шаары, с. Орозбак көчөсү, 25
  • 13-декабрь: Каракол шаары, Абдрахманов көчөсү, 103
  • 14-декабрь: Бишкек ш., Фрунзе көч., 547                                                                                              

Ар бир аймакта иш-чаралар саат 10:00дөн 12:00гө чейин болот.


Кошумча маалымат алуу үчүн, кызыкдар болгон бардык жарандар Борбордун Ишеним телефону аркылуу кайрылууга болот +996 559 189 900.


Борбор бардык кызыкдар болгон жарандарды алдыдагы Бош орундар жарманкесинин иш-чараларына катышууга, ошондой эле чет өлкөлөрдө ишке орношууга өзү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана перспективаларды табууга чакырат.