Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Гете институтунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү (Германия Федеративдүү Республикасы)

19 Сентябрь 2023
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Гете институтунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү  (Германия Федеративдүү Республикасы)

Гете институту Германия Федеративдик Республикасынын маданият мекемеси болуп саналып дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө бөлүмдөрү жайгашкан. Чет өлкөлөрдө немис тилин жайылтууга жана маданият жаатында эл аралык кызматташтыкты жогорулатууга ишмердүлүгү багытталган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Борбор тарабынан төмөнкү муктаждыктар айтылды:
1.Студенттердин немис тилин билүү деңгээлин аныктоо экзаменин тапшырууга жана сертификат алууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрү болушу үчүн экзамендердин жыштыгын жогорулатууну карап чыгуу;
2. Визага талап кылган кыргыз жарандарга сертификаттарды тез алуусун камсыз кылуу үчүн сертификаттарды берүү процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу.
3. Бишкектеги Гете институтуна "Гете институту" макамын ыйгаруу мүмкүндүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Бул Кыргызстандын жарандарына чет өлкөгө чыгуунун зарылдыгы жок эле өз өлкөсүнүн аймагында сертификат алууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берет, тил даярдоонун ар кандай деңгээлдерине багытталган ар кандай тил курстарын сунуштоого мүмкүндүк берет жана немис тилин үйрөнүүнү каалагандар үчүн курстан тез жана сапаттуу өтүүнү камсыз кылат, сертификаттарды берүү процессин оптималдаштырууга жана студенттерге визалык максатта же чет өлкөдө окуу/ишке орношуу үчүн зарыл болгон документтерге тез жетүүнү камсыз кылуу менен кечиктирүүлөрдү кыскартууга мүмкүндүк берет. Бишкектеги Гете институтуна "Гете институту" макамын ыйгаруу Кыргызстанда тилдик билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу үчүн маанилүү кадам болуп калышы мүмкүн.

Жалпысынан жолугушуу жемиштүү болду жана эки тарапка мындан аркы кызматташтыктын багыттарын белгилөөгө мүмкүндүк берди. Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борборунун жетекчилиги жана Гете-Институттун өкүлдөрү Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү улантууга жана эл аралык эмгек байланыштарын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.