- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин өкүлү менен жолугушуу болуп өттү /
ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин өкүлү менен жолугушуу болуп өттү
2026-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда ЕККУнун (OSCE) Бишкектеги Программалык офисинин адам өлчөмү боюнча департаментинин жетекчиси Кристофер Блэр менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Борбордун директору Б.Э.Кудайбердиев ЕККУ өкүлдөрүн Борбордун ишмердүүлүгү менен тааныштырды. Атап айтканда, жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу, «Жүк-200» менен байланышкан процедураларды коштоо, ошондой эле адам сатууга каршы алдын алуу боюнча консультациялар үчүн мурда түзүлгөн 1899 ишеним телефону тууралуу маалыматтар берилди.
Жолугушуунун алкагында ЕККУнун Программалык офиси Борбордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталган техникалык жабдуулар түрүндө гуманитардык жардам көрсөттү.
Борбор көрсөтүлгөн колдоо жана эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү институционалдык потенциалды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ЕККУга ыраазычылык билдирет.
Ошондой эле Борбор жарандарга коопсуз эмгек миграциясы, анын ичинде адам сатуунун алдын алуу, боюнча консультация берүү үчүн 1899 ишеним телефону кайрадан иштей баштаганын маалымдайт.
Тараптар мындан ары кызматташууну өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.




