Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Ош шаарындагы жаңы кеңсенин дарегин маалымдайт

11 Май 2026
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Ош шаарындагы жаңы кеңсенин дарегин маалымдайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Ош шаарында жаңы кеңсеси ачылгандыгын маалымдайт.

 

Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун жаңы кеңсеси, ошондой эле Мигранттар үчүн кетүүгө чейинки багыт берүү жана реинтеграция борбору төмөнкү даректе жайгашкан: Амир-Тимур көчөсү, 9А.

 

Багыт берүүчү жер: А. Мамыров жана Амир-Тимур көчөлөрүнүн кесилишинде.

 

Кеңседе жарандар чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу, уюшкан түрдө жумушка орноштуруу программаларына катышуу, керектүү документтерди даярдоо, кетүүгө чейинки даярдык жана реинтеграция маселелери боюнча консультация алышат.

 

Жаңы кеңсенин ачылышы өлкөнүн түштүк аймагындагы жарандар үчүн мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана жарандарды тейлөө үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.