Борбор Словакия Республикасы менен кызматташууну күчөтүүдө
Борбордун кызматкерлери директордун орун басары Арслан Байсопуевдин жетекчилигинде «Index Solutions» компаниясы менен кызматташтыктын алкагында Словакия Республикасына иш сапары менен барышты.
Иш сапардын жүрүшүндө кыргыз тарап муниципалдык жүргүнчү ташуучу транспорт ишканасынын бөлүмүнүн директору жана инженери Михаэла Дзурбанова айым менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын автобус айдоочусу болуп иштеп жаткан жарандарынын эмгек ишмердүүлүгү, эмгек шарттары жана мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды.
Ошондой эле Словакияда эмгектенип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары менен өзүнчө жолугушуулар өткөрүлдү. Диалогдун жүрүшүндө иштөө жана жашоо шарттарына байланышкан көйгөйлөр аныкталып, талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү маалыматтар иш берүүчүлөргө жеткирилип, андан аркы карап чыгуу жана чара көрүү сунушталды.
Иш сапардын алкагында А. Байсопуев «Volkswagen» компаниясынын өндүрүштүк ишканасына дагы барып, автоунааларды чогултуу процесси, өндүрүш линиясынын уюштурулушу жана стажерлорду даярдоо системасы, анын ичинде конвейерде тетиктерди чогултууну үйрөтүү иштери менен таанышты.
Мындан тышкары, Словакия Республикасынын Эмгек бюросунун штаб-квартирасында кызмат көрсөтүүлөр тармагындагы ортомчулук департаментинин директору Дарина Кошутова айым менен жолугушуу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө кызматкерлер Эмгек бюросунун функциялары, анын ичинде жумуш издөөдө көмөк көрсөтүү, жумушсуздарды каттоо жана чет өлкөлүк жарандарды ишке орноштуруу механизмдери менен таанышты.
Иш сапардын жыйынтыгында баштапкы этапта Кыргыз Республикасынын 50 жаранын «Volkswagen» ишканасына ишке орноштуруу боюнча макулдашууга жетишилди. Биринчи этап ийгиликтүү ишке ашкан учурда Кыргызстандык талапкерлердин санын мындан ары көбөйтүү пландалууда.



