- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- ЖЧӨИОБ маалымдайт: 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып Москва шаарында жана Москва облусунда “АМИНА” мобилдик тиркемесин колдонуу боюнча талаптар кеңейтилет /
ЖЧӨИОБ маалымдайт: 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып Москва шаарында жана Москва облусунда “АМИНА” мобилдик тиркемесин колдонуу боюнча талаптар кеңейтилет
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып Россия Федерациясынын Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында миграциялык каттоого турууда “АМИНА” мобилдик тиркемесин милдеттүү түрдө колдонуу талабы чет өлкөлүк жарандардына кеңейтилет.
2026-жылдын 1-сентябрынан тартып аталган талаптар 18 жашка чыга элек жарандарынан тышкары, чет өлкөлүк жарандардына карата колдонулат.
Тактап айтканда, төмөнкү жарандар “АМИНА” мобилдик тиркемесин орнотуп, белгиленген жол-жоболордон өтүп жана мыйзамда белгиленген тартипте миграциялык каттоого турууга милдеттүү болушат:
- Москва шаарынын жана Москва облусунун билим берүү мекемелеринде окуган 18 жаштан жогорку студенттер;
- эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө байланыштуу аталган аймактарда жүргөн жарандардын үй-бүлө мүчөлөрү;
- эмгек ишмердүүлүгүнө байланышпаган жеке, конокко баруу, туристтик жана башка максаттар менен Москва шаарына жана Москва облусуна келип, 90 календардык күндөн ашык жүрүүнү пландаган жарандар.
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Москва шаарында жана Москва облусунда жүргөн же ал жакка барууну пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына “АМИНА” мобилдик тиркемесин алдын ала орнотуп, тиешелүү жол-жоболордон сактап жана Россия Федерациясынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык миграциялык каттоодон өтүүнү сунуштайт.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, кошумча суроолор жаралган учурда төмөнкү байланыш телефондору аркылуу кайрылууга болот:
- Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги: +7 925 285 50 47;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти: +996 999 312 002.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү. Дареги: Москва ш., Кичи Полянка көчөсү, 7-үй, 5-констракция. Телефон: +7 495 197-76-71, +7 996 68 97.