Бишкек шаарында Мигранттар үчүн ресурстук борбор ачылды

22 Май 2026
Бишкек шаарында Мигранттар үчүн ресурстук борбор ачылды

2026-жылдын 22-майында Бишкек шаарында Европа Биримдигинин колдоосу астында Эл аралык миграция саясатын өнүктүрүү борбору (ICMPD) тарабынан ишке ашырылып жаткан «PROTECT» долбоорунун алкагында экинчи Мигранттар үчүн ресурстук борбордун (МРБ) салтанаттуу ачылышы болду. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргыз Республикасында бул демилгени ишке ашырууда өнөктөш болуп саналат. Бишкек шаарындагы Мигранттар үчүн ресурстук борбор Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун имаратында жайгашты.

Борбордун ачылышы жарандардын коопсуз, уюшкан жана мыйзамдуу миграция маселелери боюнча ишенимдүү маалымат алуусуна, ошондой эле мыйзамсыз миграциянын, адам сатуу коркунучтарынын жана эксплуатациянын башка түрлөрүнүн алдын алуу боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Биринчи вице-спикери М.К. Алиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары М.К. Байгончоков, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы делегациясынын өкүлдөрү, ICMPD, эл аралык уюмдар, дипломатиялык корпус, мамлекеттик органдар жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары М.К. Байгончоков өз сөзүндө «Ресурстук борбордун ачылышы жарандарга коопсуз миграция маселелери боюнча маалыматтык колдоону күчөтүүгө, калктын ишенимдүү маалыматка жана эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо механизмдерине жетүүсүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет», - деп белгиледи.

Ачылыш аземдин алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Эл аралык миграциялык саясатты өнүктүрүү борборунун (ICMPD) ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасындагы биринчи Мигранттар үчүн ресурстук борбор 2024-жылдын 5-мартында Ош шаарында ачылган. Ачылгандан бери Ош шаарындагы МРБ аркылуу 21 миңден ашуун жаранга жардам көрсөтүлүп, консультациялар, маалыматтык иш-чаралар, чет өлкөгө кетер алдындагы жолугушуулар жана бош орундар жарманкелери уюштурулган.

Бишкек шаарындагы Мигранттар үчүн ресурстук борбор коопсуз эмгек миграциясы боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жарандар үчүн чет өлкөгө кетер алдында багыт берүүчү окутууларды, тренингдерди жана иш-чараларды уюштурат. Ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү жамааттар менен өз ара кызматташат.