Бишкекте Корея Республикасында иштөөнү каалаган талапкерлер үчүн Skills Test сынагы аяктады

02 Июнь 2026
Бишкекте Корея Республикасында иштөөнү каалаган талапкерлер үчүн Skills Test сынагы аяктады

2026-жылдын 30-31-май күндөрү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын жарандарын Корея Республикасына уюшкан тартипте ишке орноштуруу программасынын алкагында өндүрүш тармагын тандаган талапкерлер үчүн тандоо процессинин экинчи этабы - Skills Test сынагы аяктады.

 

Сынакка корей тилин билүү деңгээлин аныктоочу биринчи этаптан ийгиликтүү өткөн талапкерлер экинчи этапка өттү. Skills Test талапкерлердин кесиптик жөндөмдөрүн, практикалык көндүмдөрүн жана Корея Республикасында эмгектенүү даярдыгын баалоого багытталган милдеттүү этап болуп саналат.

 

Экинчи этаптын алкагында катышуучулар колдун эпчилдигин, тактыгын жана ылдамдыгын текшерүүгө багытталган практикалык тапшырмаларды аткарышып, өз адистигине ылайык кесиптик жөндөмдөрү боюнча баалоодон өтүштү. Ошондой эле талапкерлер менен жекече маектешүү жүргүзүлдү.

 

Тандоо процессинин эки этабын тең ийгиликтүү аяктаган талапкерлер Корея Республикасынын Иш менен камсыз кылуу жана эмгек министрлиги жүргүзгөн Бирдиктүү реестрге киргизилет. Реестрге кирген талапкерлердин арасынан кореялык иш берүүчүлөр өздөрүнө ылайыктуу кызматкерлерди тандап алышат. Иш берүүчү тарабынан тандалган талапкерге эмгек келишими жөнөтүлүп, ал Корея Республикасында мыйзамдуу негизде эмгектенүүгө мүмкүнчүлүк алат.