Ош шаарындаЖарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жаңы кеңсеси ачылды

29 Апрель 2026
Ош шаарындаЖарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жаңы кеңсеси ачылды

Ош, Кыргыз Республикасы, 2026-жылдын 29-апрели - Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун, ошондой эле Мигранттар үчүн кетээр алдындагы багыттоо жана реинтеграциялоо борборунун жаңы кеңсесинин ачылышы болду.

Демилгени Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ) Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташуу агенттигинин (ӨКА) колдоосу менен "Эмгек миграциясы программасы — Борбордук Азия" долбоорунун алкагында ишке ашырган.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Л.Сагынбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Б.Т.Баетов, Ош шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилери, КР ТИМдин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлү, Швейцариянын Ташкенттеги элчилигинин Кызматташуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, «Эмгек миграциясы – Борбордук Азия программасы» долбоорунун координатору Урсула Келлер, Эл аралык миграция уюмунун Борбордук Азия жана Казакстан боюнча миссиясынын башчысы Серхан Актопрак, Эл аралык миграция уюмунун Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин жетекчиси Б.Б.Молдобаева, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын ректорлору, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, академиялык коомчулуктун жана өнөктөш мекемелердин жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Жаңы борбор жарандар эмгек миграциясынын бардык этаптарында — чыгууга даярдануудан баштап, кайтып келгенден кийин реинтеграцияга чейин комплекстүү колдоо ала турган негизги аянтча болуп калат.

Ош шаарындагы Борбор төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:     

  • чет өлкөдө жумушка орношуунун мыйзамдуу жана коопсуз каналдары жөнүндө маалымат берүү;
  • алдын ала багыттоо жана окутуу;     
  • эмгекчилердин укуктары жана контракттардын шарттары боюнча консультациялар;       
  • эмгекти эксплуатациялоонун жана адамдарды сатуунун тобокелдиктери жөнүндө маалымдоо;
  • жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн издөөгө көмөктөшүү;        
  • жумуш берүүчүлөр менен онлайн маектешүү мүмкүнчүлүгү.

Ош шаарында борбордун ачылышы кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, жарандардын чыгымдарын азайтууга жана өлкө аймактарында коопсуз жана уюшкан эмгек миграциясы системасын өнүктүрүүгө багытталган.