Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Улуу Британиянын жана Миграция боюнча эл аралык уюмдун өкүлдөрү менен сезондук жумушчулар программасын өнүктүрүү маселеси талкууланды

24 Декабрь 2024
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Улуу Британиянын жана Миграция боюнча эл аралык уюмдун өкүлдөрү менен сезондук жумушчулар программасын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Бишкек, 24-декабрь 2024-жыл. Бүгүн Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчисинин орун басары Энн Харриган жана Миграция боюнча эл аралык уюмдун (МЭУ) Кыргыз Республикасындагы миссиясынын кеңсесинин жетекчиси жана МЭУнунөкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун негизги темасы сезондук жумушчулар программасын өнүктүрүү жана кыргызстандык мигранттардын укуктарын коргоо боюнча стратегияларды иштеп чыгуу болду.

Энн Харриган Улуу Британиянын эмгек мигранттарын коргоо маселелеринде Кыргызстангаколдоо көрсөтүүнү улантууга даярдыгын баса белгиледи. Ал экономикалык өнүгүүгө гана эмес, жарандардын социалдык корголушун жогорулатууга өбөлгө түзгөн узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу мамилелерди чыңдоонун маанилүүлүгүнө токтолду.

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун өкүлдөрү өз кезегинде колдоо көрсөткөндүгү үчүн ага ыраазычылык билдирип, чет өлкөдө иштеп жаткан кыргызстандыктар үчүн коопсуз жана адилеттүү шарттарды түзүүдө биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуу Кыргызстандын, Улуу Британияныне жана Миграция боюнча эл аралык уюмунун ортосундагы эмгек миграциясынын шарттарын жакшыртууга жана жарандардын укуктарын коргоого багытталган кызматташтыкты бекемдөөнүн кезектеги кадамы болду.