- Негизги бет /
- Жаңылыктар /
- Көңүл буруңуздар! Борбор мыйзамсыз ишке орноштуруу субъекттерин аныктоо боюнча маалыматтык рубриканы баштайт /
Көңүл буруңуздар! Борбор мыйзамсыз ишке орноштуруу субъекттерин аныктоо боюнча маалыматтык рубриканы баштайт
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү мыйзамсыз ишмердүүлүктү аныктоого жана алдын алууга багытталган жаңы маалыматтык рубриканын башталганын маалымдайт.
Бул рубриканын алкагында Борбор туруктуу негизде социалдык тармактарга, айрыкча жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин жарнамалык ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктарын жарыялап, тиешелүү уруксаты жок иш алып барган субъекттерди аныктоо иштерин жүргүзөт.
Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында Instagram социалдык тармагында «Kyrgyzstan_serbia», «osh.japan.center», «FENIX Academy», Nordic_nomad_group жана rabotaline_ аттуу аккаунттар Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөгө уюшкан түрдө ишке орноштуруу боюнча уруксат берүүчү документтери жок мыйзамсыз жарнамалык ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы аныкталды.
Борбор мыйзамсыз агенттиктер мыйзамда белгиленген жол-жоболорду сактабастан жумушка орноштурууну сунуштоо менен жарандардын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч жаратарын, ошондой эле алдамчылык схемаларды колдонушу мүмкүн экенин эскертет.
Учурда аталган агенттиктер боюнча материалдар укук коргоо органдарга укуктук баа берүү жана колдонуудагы мыйзамдардын алкагында тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлдү.
Борбор жарандарды сак болууга жана чет өлкөгө ишке орношордон мурун агенттиктердин уруксат документтеринин бар экенин алдын ала текшерүүгө чакырат. Мыйзамдуу агенттиктер тууралуу маалымат алуу үчүн жарандар Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна кайрылса же migrant.kg сайтындагы тизмек менен таанышса болот.
Эгерде сиз алдамчылыктын курмандыгы болсоңуз, бул тууралуу 1899 телефону аркылуу кабарлаңыз же press@migrant.kg электрондук дарегине маалымат жөнөтүңүз.




