Улуу Британиянын Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү менен жолугушуу: миграция жаатындагы кызматташтык жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн мааниси

29 Ноябрь 2023
Улуу Британиянын Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү менен жолугушуу: миграция жаатындагы кызматташтык жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн мааниси

2023-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунда Улуу Британиянын Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү  Энн Хэрриган менен олуттуу жолугушуу болуп өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө Улуу Британияда сезондук кызматкерлердин мамлекеттик программасынын алкагында коюлган артыкчылыктуу милдеттерге басым жасоо менен миграция жаатындагы кызматташтыктын келечеги талкууланды.

 

Жолугушуунун демилгеси миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ) тарабынан колдоого алынып, эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун, ошондой эле Кыргызстан үчүн өзгөчө артыкчылык болуп саналган адам сатууга каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 

Тараптар сезондук иш программасынын контекстинде Улуу Британия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин маанилүүлүгүн билдиришти. Жолугушууда Борборго келип чыккан ар кандай милдеттерге ыкчам жооп кайтаруу, программанын алкагында ылдам жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн техникалык жабдуулар тапшырылды, бул Борбор тарабынан жогору бааланды жана ыраазычылыкка ээ болду.

 

Улуу Британиянын Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Энн Хэрриган да бул багытта активдүү кызматташууга даяр экенин билдирип, узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн жана мигранттарды колдоо боюнча иштин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 

Бул жолугушуу Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы миграция жаатында кызматташтыкты тереңдетүүгө умтулууну, ошондой эле бул жаатта өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү үчүн потенциалды баса белгиледи.